Келгиле, сүйлөшөлү – COVID-19 учурунда билим берүү жана аралыктан окутуу

Кызыкдар тараптар менен билим берүү жана аралыктан окутуу жөнүндө диалог

ЮНИСЕФ
Electronic assessment for school children
ЮНИСЕФ/Кыргызстан/2020/Дастан Умотбай уулу
25 Август 2020

Кыргызстанда 2,5 миллион окуучу бар. COVID-19 ушул балдарды аралыктан окууга өтүүгө мажбурлап, бул балдарга, ата-энелерге жана мугалимдерге кыйынчылыктарды жаратты. Ошол эле учурда ал аралыктан жана онлайн-окутуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да берди.  

Мамлекеттик кызматкерлер жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр үчүн аралыктан окутууну ишке ашыруу жана мектептерди ачууга даярдык көрүү боюнча көп сандаган вебинарлар байма-бай өткөрүлүп жаткан мезгилде ушул процесстердин негизги бенефициарлары жана ортомчулары болгон балдардын, ата-энелердин жана жамааттык уюмдардын ой-пикирине анчейин көңүл бурулбай калууда.

Ушул ой-пикирлерди биринчи планга чыгарып, алардын обочолонуу мезгилиндеги аралыктан окутуу тажрыйбасынан сабак алуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги (ББжИМ) ЮНИСЕФ менен биргеликте «COVID-19 мезгилиндеги билим берүү жөнүндө биз эмнелерди билдик?» деген аталыштагы «сабак берүү жана окутуу» темасында онлайн-диалог уюштурду. Бул диалогдун максаты – ар бир катышуучунун аралыктан окутуу жаңы ченемге айланган кыйын мезгилдеги өз тажрыйбасы менен бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн анчейин формалдуу эмес жагдайда талкуу өткөрүү болуп саналат.

Stakeholders dialogue on remote learning
ЮНИСЕФ
Балдар, ата-энелер, мугалимдер жана ЮНИСЕФ менен ББжИ министрлигинин өкүлдөрү билим берүү/ЭКБӨ боюнча диалогго катышууда

Данат, 10 жашта, 4-класстын окуучусу, аралыктан окуу учурунда классташтарын сагынгандыгын айтып, бирок ошол эле учурда онлайн-сабактарга да кызыккандыгын билдирди. Ушул чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн ортосундагы тең салмактуулук маселеси диалог учурунда такай талкуу жаратып турду. ЮНИСЕФ өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник өзүнүн киришүү сөзүндө ББжИМдин аралыктан окутуу маселесине ыкчам киришип, так жана стратегиялык мүнөздөгү пландын негизинде токтоосуз иш алпаргандыгына жогору баа берди.  

Stakeholders dialogue on remote learning
ЮНИСЕФ
Билим берүү/ЭКБӨ боюнча диалогго катышкан, өз пикирин билдирип жатып жүзүнө жылмаюу уялаган 10 жаштагы Данатты көрсөткөн ракурс

Балдар бакчасынын мугалими жана Данаттын апасы Акмарал Байтанаеваны «мектепке чейинки курактагы жана мектеп жашындагы бир нече баласы бар ата-энелер мектепке чейинки билим алуу анча маанилүү эмес деп эсептеп, окуучуларга көбүрөөк көңүл бура тургандыгы» көбүрөөк тынчсыздандырган. «Мен мындай көрүнүштү досторумдун арасында жана өз үй-бүлөмдө да байкадым», - дейт ал. Ал эми аралыктан окутуунун жеткиликтүү болушуна байланыштуу: «өз үй-бүлөмдө жана башка үй-бүлөлөрдө байкаган негизги кыйынчылыктар – ар бир бала үчүн жетиштүү сандагы техникалык жабдуулар менен Интернет»,  - деп эсептейт.

Айтылган ой-пикирлердин негизинде Геррит Мариц «аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучулардын билим алуусуна тескери таасир эткен санариптик ажырымды болушунча азайтуу, технологияларга болгон муктаждык менен окутууга кам көрүү жана аны колдоо зарылдыгын теңдештирүү, ошондой эле ата-энелердин керектөөлөрүнө көңүл буруу зарылдыгын» белгиледи.

Ош облусунун Нариман айылындагы орто мектептин директору Гүлмайрам Жанболотова да мугалимдер дуушар болуп жаткан чакырыктар жөнүндө сөз кылды: «Аралыктан окутууга жана бул жаатта мурда иш тажрыйбасы, ошондой эле жетиштүү техникалык көндүмдөрү жок болгондугуна байланыштуу мугалимдер да күчтүү стресске кабылышты. Жаш мугалимдер онлайн-сабактарды өткөрүүгө жардам берүү максатында өз ыктыяры менен кесиптештерине Zoom жана WhatsApp платформаларын пайдалануу боюнча сабактарды өткөрүп турушту».

Төрт баланын энеси катары Гүлмайрам алыскы райондо жашагандыгына байланыштуу анын балдары электр жарыгы өчүп калып жатканынан улам айрым сабактарга катышпай калгандыгын белгиледи.

 «Айжан» коомдук фондусунун программаларынын координатору Берды Садыков айрым ата-энелер дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи: «Аралыктан окутуу боюнча өз тажрыйбамда жаш ата-энелер улуу курактагы ата-энелерге караганда бул жаатта кыйла активдүү жана билимдүүрөөк экендигин байкадым. Улуу курактагы ата-энелер гаджеттерди колдонгонду билбейт, алардын смартфондору аралыктан окутууга ылайыктуу эмес. Ошондой эле алар окутуу – бул мугалимдердин иши деп ойлогонго көнүп алышкан».

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылындагы 11-класстын окуучусу Айгина айрым чакырыктар жөнүндө сөз кылып, аралыктан окутуунун жеткиликтүү болушундагы айрым кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди. Анын ичинде айрым сабактар, мисалы, анын 6–класста окуган эжесинин сабагы менен өзүнүн сабагы телевидение боюнча бир эле убакта, бирок ар кайсы каналдарда өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Айгина да аралыктан окутуу учурунда классташтарын, мектептеги досторун сагынгандыгын баса белгилеп, аңгемелешүүгө катышкан башка окуучулар да бул пикирди колдой тургандыгын билдиришти.

Айгинанын апасы Гүлбара да аралыктан окутуу мезгилиндеги бир нече ата-эненин ой-пикир менен бөлүштү: «Балдарга сабак аткарууга жардам берүү оңой болгон жок. Андан тышкары, үй жумуштарым да көп болчу. Баарын бир учурда жасап жетишүү керек болду. Балдар да кыйналды, бирок биз балдарга да, мугалимдерге да колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылдык». Диалогдун аягында Гүлбара жакын арада жашоо-турмуш калыбына келе тургандыгына үмүт арта тургандыгын билдирди.

ЮНИСЕФ билим берүү жаатындагы бардык кызыкдар болгон тараптар менен иштөөсүн улантып, ББжИ министрлигине мугалимдерди окутуу жана алардын санариптик көндүмдөрүн арттыруу аркылуу ар бир бала үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыздоосуна, ошондой эле аралыктан окутуучу сабактарды өткөрүүсүнө колдоо көрсөтүүсүн улантмакчы.

Андан тышкары, ушул диалогдун тажрыйбасынан сабак алуу менен ЮНИСЕФ COVID-19 шартында  балдардын, ата-энелердин жана кам көрүүчү адамдардын жашоосун жакшы түшүнүү жана реалдуулукту так аныктоо үчүн, анын ичинде - саламаттык сактоо секторунда да – бул сыяктуу диалогдорду илгерилетмекчи.