Жаштар борбору: бул жерде ар бир ата-эне баласы менен кайрадан достошууну үйрөнө алат

Пандемия күчөп, карантин чектөөлөрү киргизилип, балдар аралыктан окууга өткөрүлгөндө көптөгөн ата-энелер балдардын компьютердик көз карандылыгы сыяктуу көйгөйгө туш болушуп, үй-бүлөлөрдө күн сайын чыр-чатактар чыга баштады.

Дария Таалайбек кызы
Illustration provided by @AzizaKanimetova
by @AzizaKanimetova
11 Август 2021

Психолог иштеген “Жаш Муун” Жаштар борборуна эне менен бала кайрылышты. Пандемия күчөп, карантин чектөөлөрү киргизилип, балдар аралыктан окууга өткөрүлгөндө көптөгөн ата-энелер балдардын компьютердик көз карандылыгы сыяктуу көйгөйгө туш болушуп, үй-бүлөлөрдө күн сайын чыр-чатактар ​​чыга баштады.

Нурсултандын апасы Айнура (этикалык себептерден улам каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) буларды айтып берди: “Мен өспүрүм балам менен үй жумуштарына, жеке чек араларга жана окууга байланыштуу көп уруша берчүмүн. Анын жүрүм-турумуна жана реакциясына кабатыр боло баштадым”.

Бир жолу Айнура Нурсултан мындан ары жашагысы келбей турганын укканда, бул аны баарынан да чочулатты. Айнура Нурсултан өзүнө кол салышы мүмкүн деп коркуп, экөө “Сезим” кризистик борборунун психологуна кайрылышкан. Бул жерде аларды “Жаш Муун” Жаштар борборуна жиберишкен эле. Бул борбордо квалификациялуу психологдор иштешет, алар компьютерден көз карандуулук, ата-энелер менен балдардын ортосундагы чыр-чатактар өңдүү көйгөйлөргө көп күбө болушат экен.

“Жаш Муун” Жаштар борбору – бул жаштар үчүн коопсуз мейкиндик, бул жерде убакытты көңүлдүү жана интерактивдүү өткөрүүгө болот. Албетте, бул жердеги иштин маанилүү өңүттөрүнүн бири – квалификациялуу психологдун колдоосу. Аталган борбор Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Тынчтыкты Куруу Фонду тарабынан каржыланган “Жаратман Жаштар” долбоорунун колдоосу менен иштейт.

Балам экөөбүз дароо Жаштар борборуна келип, Нурсултан балдар психологунун консультациясына кирип кетти. Элизат уулум менен бир заматта тил табышып, аны сүйлөтө алганына таң калдым, анткени Нурсултан кыйла жабык жана көп сүйлөбөгөн бала да. Кийинчерээк, ал Dance4Life долбоорунун Чемпиондорунун бири – Амалдын лекциясына катышты. Дал ошол маалда мен балага өзү курактагы баланын үлгүсү жана ролдук модели жетпей жатканын түшүндүм. Амаль ага энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу жөнүндө айтып берип, бул укмуш бир нерсе эместигин көрсөттү. Менин балам ага ишенди. Биздин чыр-чатагыбыздын бири жөн гана сүйлөшүү жолу менен чечилди”, - деп айтып берди Айнура.

Айнура уулу менен мамилесин жакшы нукка буруу үчүн жоопкерчиликтүү ата-эне жана тең насаатчылык боюнча тренингге жазылды. Үч күнгө созулган тренингге жигердүү катышкан Айнура көйгөйлөрдүн көбү өзүндө экендигин билип, абдан таң калды.

2 Illustration provided by @AzizaKanimetova

Айнура бизге жоопкерчиликтүү ата-эне жана тең насаатчылык боюнча тренингге кошулуп, андан соң психологдон кошумча жеке консультация алды. Ишибиздин жүрүшүндө биз бала менен туура баарлашуу сыяктуу темаларды козгодук, өзүн бекем кармоо ыкмасын өздөштүрдүк, ошондой эле кунт коюп угуу жана жүрүм-турумуна күзгүдөн карагандай байкоо салуу өңдүү ыкмаларды да сынап көрдүк. Биз үчүн ар бир ата-энеге өспүрүм ким экендигин, кандай баскычтардан өтөөрүн жана ар кандай кырдаалдарга кандайча жооп бериши керектигин жеткирүү маанилүү”, - деп жыйынтыктайт Жаштар борборунун психологу Элизат.

“Эми мен уулум менен башкача сүйлөшө баштадым. Эгерде балам эки деген баа алып калса, анда мен аны “сен күнөөлүүсүң” деп урушпайм, “мен сенден башка баа күттүм эле, бул начар бааны оңдой алсаң жакшы болмок” деп айтам”, - деди Айнура.

Жаштар борборунда алар Нурсултан компьютерге көз каранды эместигин, ошондуктан азыр убакытты пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүнүн жолдорун издеп, хоббини чогуу тандап алуу керектигин түшүнүштү.

“Эми мен балама велосипед тепкенди үйрөтүп жатам, биз бири-бирибиз менен көбүрөөк убакыт өткөрө баштадык. Ар бирибизге балдарды гана эмес, өзүбүздү дагы түшүнүүгө жардам берген ушундай долбоордун бар экенине кубанычтамын. Биз балдарыбызга окшоп эле туура сүйлөп, туугандарыбызды түшүнгөндү кошо үйрөнүп жатабыз”, - деп жыйынтыктады Айнура.

 

3 Illustration provided by @AzizaKanimetova