“Дары болбосо, биз кереметти жарата албайбыз да”

Европа Биримдигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 100 миң АКШ доллары суммасына негизги дары-дармектер берилди.

Бермет Молтаева
Ысык-Көл аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева ал жерде 1982-жылдан бери, ал эми анын директору болуп 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келатат.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
31 Март 2021

“COVID-19 коронавирустук илдетин алдын-ала божомолдоп айтуу мүмкүн эмес. Эгерде бүгүн бизге дарыланууга 10 адам түшсө, эртең ал жакта 30 адам жатышы мүмкүн. Бирок, негизги дары-дармектер жетиштүү көлөмдө болгондо, сиз өзүңүздү ишенимдүү сезип, жакшы даярдыктар турасыз жана адамдарга жардам бере аларыңызды билесиз”, - деди Ысык-Көл аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева.

Ысык-Көл облусу, 2021-жылдын 31-марты. – Доктор Алмира Алдашева Ысык-Көл аймактык ооруканасында 1982-жылдан бери эмгектенип, анын директору болуп 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келатат. Ал 2020-жылдын июль айын саламаттык сактоо тармагындагы кесипкөй адис катары турмушундагы эң оор учурлардын бири катары сыпаттайт. 

Ысык-Көл аймактык ооруканасы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, ал 80 миң адам жашаган Ысык-Көл облусунун калкын тейлейт. Оорукана ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар жана чет өлкөдөн келген коноктор үчүн популярдуу эс алуу жайы болгон Ысык-Көлгө жакын жайгашкан пансионаттарга эс алууга келген туристтерге медициналык кызматтарды көрсөтөт. Аймактык оорукана 135 бейтапка ылайыкталган.

COVID-19 пандемиясынын башында ооруканага өтө чоң оорчулук келген. Оорунун туу чокусу 2020-жылы жай мезгилинде болгон. COVID-19 оорусу менен алгачкы бейтап бизге 22-июнда түшкөн, бирок андан кийин оорулуулардын саны көбөйүп отуруп, күнүнө 40-60 адам түшө баштаган.   

Алмира Алдашева алар башынан кандай кыйынчылыктарды өткөргөнүн санап берди: бекитилген дарылоо протоколунун, анын ичинде процедуралардын, бул ооруга байланыштуу билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, медициналык кадрлардын жетишсиздиги жана эң керектүү дары-дармектердин тартыштыгы – ушул чоң көйгөй болгон.

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева ал жерде 1982-жылдан бери, ал эми анын директору болуп 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келатат.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
Ысык-Көл аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева ал жерде 1982-жылдан бери, ал эми анын директору болуп 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келатат.

“Эң оор күндөрдө КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тышкары, дарыгерлерге жардамга ыктыярчылар жетип келишти. Жергиликтүү жаштар COVID-19 илдетине чалдыккан адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүштү. Алардын айрымдары дары-дармектерди сатып алууга жардам берсе, башкалары кычкылтек концентраторлору менен камсыз кылышты. Адамдар “Бириксек күчкө айланабыз” дешет. Чындыгында эле ошондой! Күчтөрдү бириктирүү менен биз биринчи толкунга туруштук бере алдык. Бул биз үчүн кымбатка турду, анткени биз “кызыл зонада” иштеген, акыркы мүнөттөргө чейин адамдарды дарылоону токтотпогон эр жүрөк бир нече кесиптешибизден айрылдык”, - деди көзүнө жаш алган Алмира.

Ооруканаларда орундардын жетишсиздигине токтоосуз жооп кайтаруу максатында “Алтын Балалык” балдардын реабилитациялык борборун COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн 100 орунга эсептелген ооруканага айландырылды. Бирок дары-дармектин тартыштыгына байланыштуу көйгөй кала берди.

Бул маселе 2020-жылдын аягында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөнүн негизги ооруканаларына, анын ичинде Ысык-Көл аймактык ооруканасына Европа Биримдиги ЮНИСЕФ аркылуу берген 2500дөн ашуун антибиотиктин таңгагын бөлүштүрүп бергенде чечилди.

UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Voronin
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Voronin
2020-жылы Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен ЮНИСЕФ 2500дөн ашуун антибиотиктин таңгагын сатып алып, COVID-19га жооп кайтаруу чарасы катары КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүп берди.

“2020-жылдын декабрь айында биз COVID-19ду дарылоо үчүн зарыл болгон гепарин, цефтриаксон жана амоксиклавды алдык жана Европа Биримдиги менен ЮНИСЕФке ушундай олуттуу колдоосуна абдан ыраазы болдук. COVID-19 коронавирустук илдетин алдын-ала божомолдоп айтуу мүмкүн эмес. Эгерде бүгүн бизге дарыланууга 10 адам түшсө, эртең ал жакта 30 адам жатышы мүмкүн. Бирок, негизги дары-дармектер жетиштүү көлөмдө болгондо, сиз өзүңүздү ишенимдүү сезип, жакшы даярдыктар турасыз жана адамдарга жардам бере аларыңызды билесиз. Биз, дарыгерлер, адамдарды дарылоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок биздин колубуз, башыбыз жана мээбиз гана бар, ал эми дары-дармексиз биз кереметти жарата албайбыз да!”, - деди доктор Алдашева.

Алмира Алдашева медайым менен биргеликте Ысык-Көл аймактык ооруканасындагы реабилитациялык бөлүмдө жаткан бейтаптын абалын текшеришүүдө.
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Marlis Esenakunov
Алмира Алдашева медайым менен биргеликте Ысык-Көл аймактык ооруканасындагы реабилитациялык бөлүмдө жаткан бейтаптын абалын текшеришүүдө.

100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү негизи дары-дармектер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине “Кыргызстанда COVID-19дун туруктуу алдын алуу үчүн саламаттык сактоо, суу менен жабдуу жана санитария тармагында чукул реакцияны күчөтүү” долбоорунун алкагында берилди. Бул долбоорду ЮНИСЕФтин колдоосу менен Европа Биримдигинин Жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам маселелери боюнча Башкы дирекциясы (ECHO) каржылайт.