Жалал-Абаддагы ооруканага реанимациялык жабдуулар берилди

Реанимациялык жабдуулар Ош жана Баткен облустарынын балдар ооруканаларына дагы тапшырылат.

12 Апрель 2017
Japan Ambassador to Kyrgyzstan
UNICEF Kyrgyzstan/2017
Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ямамура мырза

Бишкек/Жалал-Абад, 2017-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнө реанимациялык жабдууну өткөрүп берүү аземи болду. Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев,  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо катышты. Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдарды реанимациялоо бөлүмүнө балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн баасы 40 000 доллардык зарыл, өтө маанилүү жаңы медициналык жабдуу өткөрүлүп берилди.

Ага чейин, жалпысынан долбоордун ичинде Жалал-Абад ооруканасынын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнө 42 000 доллардык жабдуу берилип, бул бөлүмдөрдө 113 878 долларга ремонт жасалган.

Бул жабдуулар Жапон өкмөтү каржылаган “Эне-баланын саламаттыгын жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү боюнча долбоордун” алкагында ЮНИСЕФ тарабынан сатып алынган. Долбоордун натыйжасында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 860 айылда 46 340 кош бойлуу аял жана 73 500 эне кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери жана балдар оорулары тууралуу маалыматтарды алышты. 

Жапония Кыргызстан эгемендик алган мезгилден бери түрдүү чөйрөлөргө, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына колдоосун көрсөтүп келет. Ооруканага берилген жабдуу эне-баланын саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүп, муну менен Кыргыз Республикасындагы тынчтыкты курууга жана коопсуздукка салым кошот деп ишенем. Бул болсо жалпысынан Евразиядагы туруктуулук үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет”, - деп белгиледи Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ямамура мырза.

ЮНИСЕФтин башчысы Мокуо айым өз сөзүндө буларды белгиледи: “Бул жабдуунун жардамы менен дарыгерлер оор абалда жаткан балдардын өмүрүн сактай алышат. Бул кислород концентранты бар жаңы муундагы заманбап дем алдыруучу аппараттар электр жарыгы өчүп калган учурда да батареянын жардамы менен иштей берет. Алар реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө арналган.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ биргелешип ишке ашырган бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 2 500 000 долларга Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 8 оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнүн инфраструктурасы оңдолуп, ымыркайларга алгачкы жана квалификациялуу реанимациялык жардам көрсөтүү боюнча 700 медициналык адис окуудан өттү. Долбоордун иш-чаралары Кыргызстандагы балдар өлүмдөрүнүн санын азайтууга көмөктөшөт. Жапон Өкмөтү тарабынан 2 500 000 долларды бөлүп берүүгө Алмашуу ноталарына 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.