Ата-энеси миграцияга кеткен баланын ашпоз болуу кыялы

Айбек 15 жашта болгонуна карабастан жашоосунда өтө көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп койду. Айбек ата-энеси миграцияга кетип, алардын камкордугун көрбөстөн чоңоюп жаткан 120 миң баланын бири.

Арслан Сабырбеков
The boy left behind by migrant parents
UNICEF/Kyrgyzstan/2020
17 Декабрь 2020

Айбек 15 жашта болгонуна карабастан жашоосунда өтө көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп койду. Айбек ата-энеси миграцияга кетип, алардын камкордугун көрбөстөн чоңоюп жаткан 120 миң баланын бири. Бирок адатта жакын туугандары менен жашаган башка балдардан айырмаланып, Айбек өлкөнүн түштүгүндөгү Баткен облусундагы Орозбеков айылында жалгыз жашайт.

Айбектин жашоосу эч качан жеңил болгон эмес. Ал 10 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, экөө тең Орусияга иш издеп кетишкен. Ошондон бери Айбек атасынан калган үйдө жалгыз жашап келатат. Ага кошуна көчөдө турган тайжеси маал-маалы менен жардам берип турат. Ата-энесинин мээримин көрбөй өткөн жашоонун кесепети тийип, Айбек түнт мүнөз күтүп, өзүн башка адамдардан обочо кармап чоңойду. Айбек үчүн тынчсыздануу, көңүл калуу, атүгүл коркуу өңдүү сезимдер жат эмес эле.

The boy feels frustrated

COVID-19 коронавирустук илдетине байланыштуу чыккан кризис Айбекти ого бетер чоң тобокелдикке кептеди. Үйүндө телевизор болбогондуктан мектептер карантинге жабылганда Айбектин аралыктан билим алууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Даш ушул маалда “Калктын аярлуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору” ортого түшүп, Айбекке өз укуктарын коргоп, кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кол сунду. Аталган борборду Европа Биримдигинин “Миграция таасирин тийгизген балдарды коргоо” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФ каржылайт. Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү менен кызматташтыктын алкагында, алардын кызматкерлери менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө акыры Айбектин “ата-эненин камкордугусуз калган бала” деген статусу аныкталып, укуктарын коргоо үчүн талаптагыдай каражаттар менен камсыз болгон.

“Мен Айбек менен иштей баштаганда эле ал өзүн жалгыз сезээрин, өзүнө ишенбей турганын, эмне кылаарын билбеген абалда болгонун көрдүм. Айбек менен телефондон бир нече жолу сүйлөшкөндөн кийин ал мага ачылып, эмнеден коркоорун, кандай колдоого муктаж болгонун айтып бере баштады. Менин эмгегим акталып, Айбек да мага ишеним артып, барган сайын көбүрөөк ачылып жатты. Биз жакында эле аны менен бетме-бет жолугуштук. Телефондон да тынбай сүйлөшүп турабыз. Биздин колдообуздун арты менен Айбекте өзүнө болгон ишеним артып, адамдарга да ишенгенди үйрөнө баштады”.

Акчач Жолдошева, долбоордун психологу
The boy was provided a support by the project psychologists
UNICEF/Kyrgyzstan/2020

Долбоордун психологдору окуудан өтүп, Айбекке окшогон балдарды жана өспүрүмдөрдү кантип угуш керектигин, аларга кантип колдоо көрсөтүп, кеп-кеңеш берсе болоорун үйрөнүштү. Ошондой эле психологдор мындай балдарга COVID-19га байланышкан кыйынчылыктарды чогуу жеңүүгө жардам бергенди үйрөтүп, коомго аралашып кетүүгө, аларга материалдык жана гуманитардык жардам алууга көмөк көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары баланын туугандары жана аларды убактылуу асырап алгандар ата-эненин камкордугусуз калган балдар менен тил табышуунун ыкмалары боюнча консультация алышты. Алар депрессиянын ыктымал белгилерин өз убагында аныктаганды, балдар түнт тартып баратканда алар менен байланыш түзгөндү үйрөнүштү. Ошондой эле аларга мындай учурларда талаптагыдай реакция жасап, туура мамиле куруу боюнча сунуштамалар да берилди.

Долбоордун алкагында Айбектин ишин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жиберип, ага пандемияга байланышпаган зарыл жардам көрсөтүү мүмкүн болду. Мисалы, анын расмий камкорчусу каттоого алынып, Айбекке бардык кызмат көрсөтүүлөрдү алып турууга жол ачылды. Белгилей кетүүчү бир жагдай, аймактык гуманитардык форумдун жардамы менен Айбек аралыктан билим алуу үчүн телевизорго да ээ болду.

“Бул окуя COVID-19 пандемиясы ансыз да аярлуу балдарды ого бетер чоң кыйынчылыкка кептегенин  көрсөттү. Ата-энеси миграцияга кетип, камкордукка алынбаган балдарга ЮНИСЕФ мындан ары да жардам берип, камкорчулуктун моделин түзүү зарыл болгонун айтып турат. Бул модель ар бир балада жоопкерчиликтүү жана камкор адам бар болушун камсыз кылуу үчүн каттоо ишин тездетет”.

Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү
The boy dreams to become a chef
UNICEF/Kyrgyzstan/2020
The boy dreams to become a chef

Жакында эле болгон окуялар Кыргызстанда COVID-19 менен күрөштүн аягы дале көрүнө электигин тастыктап турат. 1200дөн ашык баланын жанында юридикалык жактан жооптуу улуу адам болуп, аларды коргоп, кызыкчылыктарын көздөй алышы үчүн ЮНИСЕФ Европа Биримдигинин жардамы менен зарыл болгон колдоону көрсөтүүдө. Учурда долбоор Айбекке окшогон аярлуу балдарды көбүрөөк тартуу максатында өнөктөштөр менен ишин улантууда. Долбоор Айбектей балдар өнүгүп, ийгиликке жете алуусуна көмөк көрсөтө бермекчи. Келечекте мыкты ашпоз болуп, конокторуна даамдуу тамак жасагысы келген Айбек кыялын орундатууга карай дагы бир кадам таштады.

Бала тууралуу жеке маалыматты коргоо максатында анын аты өзгөртүлүп берилди.