ЮНИСЕФ ӨКМдин ишин колдоо үчүн принтер жабдууларын өткөрүп берди

09 Февраль 2024
Cristina Brugiolo is handing over certificate for 10 printers to the minister of emergency situations
UNICEF Kyrgyzstan

Бүгүн ЮНИСЕФ КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) он лазердик принтерди тапшырды. Негизги максат - чукул кырдаалдар учурларында өзгөчө маанилүү болгон министрликтин ички жараяндарын жакшыртуу. Жабдуулар Жапон өкмөтү каржылаган мектептердин климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине даярдыгын жогорулатуу долбоорунун алкагында саталып алынды. Жабдуулардын жалпы наркы 2,2 млн сомдон (25 670 АКШ доллары) ашат.

Жабдууларды тапшыруу аземи өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиолонун катышуусунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу жаатындагы учурдагы жана келечектеги кызматташуусун талкуулашты. Тараптар ошондой эле окуучулардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу максатын көздөгөн долбоорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Министр ЮНИСЕФ менен Жапон өкмөтүнүн табигый кырсыктарга даярдыкты камсыздоодо жана аларга чара көрүүдө узак мөөнөттүү өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, балдардын жана мектептердин коопсуздугуна өзгөчө басым жасады.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти чукул кырдаалдар үчүн зарыл болгон шаймандар менен жабдыган: үн күчөткүчтөр, кол сиреналар, өрткө каршы калкандар, эвакуациялык замбилдер, дары кутулары, авариялык туткалары бар эшиктер, ж.б.

“Өзгөчө кырдаалдарда жаш балдар айрыкча аярлуу болушат. Ошондуктан биз аларды коопсуздук сактоого жардам берген билим жана аспаптар менен камсыз кылышыбыз керек. Биз өнөктөшүбүзгө – Жапон өкмөтүнө – мындай маанилүү ишти колдоп бергенине ыраазыбыз”, - деди Кристина Бруджиоло.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ табигый кырсыктардын жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин алдында мектепке жана мектепке чейинки мекемелерге барган балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташып келет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.