COVID-19 пандемиясы менен күрөштө Кыргызстанга жардам берүү үчүн ЮНИСЕФ 10 000 экспресс-тест сатып алды

Пандемия менен күрөштүн алкагында COVID-19 антигенин аныктоо үчүн 10 000 диагностикалык экспресс-тест КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

15 Декабрь 2020
Kalila Jumalieva, the head of diagnostic laboratory, tells about rapid tests to Yulia Oleinik, Deputy Representative of UNICEF in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Dmitrii Galkevich

Бишкек, 2020-жылдын 15-декабры – Баасы 59 700 АКШ долларын түзгөн 10 000 диагностикалык экспресс-тест КР Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды. Антигенди текшерүү үчүн экспресс-тесттер ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен сатып алынды. Бул тесттерди Саламаттык сактоо министрлиги пандемияга каршы туруу боюнча азыр жасап жаткан иш-аракеттерин улантуу үчүн колдонот.

Тесттерди тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

COVID-19 антигенин аныктоо үчүн диагностикалык экспресс-тесттерди ЮНИСЕФ Копенгагендеги өзүнүн жабдуу жана сатып алуу боюнча глобалдык борбору аркылуу сатып алды. Копенгагенде дүйнөдөгү ири гуманитардык кампа жайгашкан. Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен логистикалык жана жол чыгымдары жабылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун орто аралыктагы сунуштамаларына ылайык, антигендерди аныктоочу диагностикалык экспресс-тесттерди туура колдонгондо, алар COVID-19ду ПЧР-тесттер аркылуу аныктаган усулга караганда алгылыктуу альтернативалык ыкма болуп бере алат.

Илдет эл арасында кеңири масштабда жайылып кетсе, диагностикалык экспресс-тесттерди медициналык мекемелерде, COVID-19га тест тапшыруучу борборлордо, карылар үйүндө, түрмөлөрдө, мектептерде, илдет менен күрөштүн башында тургандар жана медициналык кызматкерлер арасында вирусту эрте мөөнөттө аныктап, адамда бар болуп чыкса, аны карантинге алуу үчүн колдонсо болот.[1]

14-декабрда коронавирус менен күрөштүн алдыңкы катарында турган дарыгерлер, саламаттык сактоо боюнча координаторлор, улуттук лабораториялык кызматтардын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана “Médecins San Frontiers” (Чек арасыз дарыгерлер) уюмунун кызматкерлери экспресс-тесттерди колдонуу боюнча окуудан өтүштү.

ЮНИСЕФ мындан ары да COVID-19 коронавирустук илдети менен күрөштө КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. ЮНИСЕФ пандемия менен күрөштүн алдыңкы катарында иштеп жаткандарга өтө зарыл жабдууларды берип келатат. ЮНИСЕФ мындан ары да ар бир бала жарык дүйнөгө аман-эсен келип, жашап кетүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга колдоо көрсөтө бермекчи.

Атүгүл COVID-19 пандемиясына реакция жасоо боюнча жалпы пландын алкагында ЮНИСЕФ “Сакта” улуттук маалыматтык өнөктүккө колдоо көрсөтүү менен өкмөттүн бул багыттагы иш-аракеттерине да салым кошууда. “Сакта” өнөктүгү COVID-19 коронавирустук илдети тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жана анын мындан ары да жайылышын болтурбоого багытталган.

 


[1] SARS-CoV-2 вирусун аныктоо үчүн диагностикалык тестирлөө, убактылуу сунуштамалар, ДССУ, 2020-жылдын 11-сентябры

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.