ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө жардам берүү үчүн 12 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуучу каражаттарды жана тест-системаларын сатып берди

02 Апрель 2021
UNICEF supply
UNICEF

БИШКЕК, 2-апрель, 2021-жыл - ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 12 000 000 сомдон ашык суммага жеке коргонуучу каражаттарды, анын ичинде 24 200 беткап, 4 000 коргоочу костюм жана 4 288 коргоочу көз айнекти өткөрүп берди. ЮНИСЕФ бул жардамды COVID-19га жооп кайтаруу боюнча колдоосунун алкагында жасады.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19ду аныктоо үчүн 8000 ПЧР-тестин жана лабораториялык жабдууларды да сатып алды. Бул диагностикалык тесттерди жеткирүүгө кеткен чыгым Дүйнөлүк Банктын атайын фонду – Пандемия учурунда чукул чараларды каржылоо механизми (PEF) тарабынан каржыланган.

Бул тесттерди жана жеке коргонуучу каражаттарды Саламаттык сактоо министрлиги пандемияга каршы туруу боюнча азыркы ишин колдоо үчүн колдонот. ЮНИСЕФ тесттерди жана коргонуучу каражаттарды КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен түшкөн өтүнмөнүн негизинде Копенгагендеги өзүнүн глобалдык жабдуу жана сатып алуулар борбору аркылуу сатып алган. Копенгагенде ЮНИСЕФтин дүйнөдөгү ири гуманитардык кампасы жайгашкан.

ЮНИСЕФ COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөштө мындан ары да КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. Бул үчүн илдет менен күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарга зарыл болгон жабдуу предметтерин берип турат. Ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи. 

###

PEF тууралуу

Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизми (PEF)  – бул Дүйнөлүк Банктын базасында каржылоо механизми. Бул механизм дүйнөдөгү жакыр өлкөлөр трансчекаралык оорулар ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгондо, аларды кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатында жардам берет.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.