ЮНИСЕФ Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалына кырдаалдык талдоо жүргүзөт

14 Октябрь 2021
Конференциянын катышуучусу Сабина эл астында сүйлөп жатат
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Bektur Zhanibekov
Конференциянын катышуучусу Сабина эл астында сүйлөп жатат

БИШКЕК, 2021-жылдын 14-октябры – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЮНИСЕФ Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалына кырдаалдык талдоо жүргүзө баштайт. Бул талдоо Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны (МУК) ишке ашыруу боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан аракеттерди колдоо максатын көздөйт. Отчет мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген жарандык коом уюмдары, майыптыгы бар балдар, алардын ата-энелери жана жеке сектор үчүн онлайн жана оффлайн режиминде ачылат.

Изилдөөнүн жүрүшүндө майыптыгы бар балдарга жана өспүрүмдөргө сапаттуу жана инклюзивдүү кызмат көрсөтүүдө тоскоолдуктар, ошондой эле саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашыруу деңгээлиндеги көйгөйлөр аныкталды. Отчетто потенциалды жогорулатууга жана инклюзивдүү кызмат көрсөтүүгө басым жасоо менен, тийиштүү саясатты иштеп чыгуу үчүн Өкмөткө, өнүгүү боюнча өнөктөштөргө жана жарандык коомго далилдер базасы жана сунуштамалар берилет.

“Майыптыгы бар балдардын өздөрүнүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн изилдөөгө кошкон салымы туш болгон тоскоолдуктарга карабай, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын эркинин күчтүүлүгүн, ата-энелердин балдарына болгон чексиз сүйүүсүн далилдеп турат. Изилдөө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомдун жигердүү мүчөлөрү катары өз дараметин толук ача алышы үчүн жасалышы керек болгон маанилүү кадамды көрсөтүп турат”,- деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

Изилдөөчүлөр эрте куракта аныктоо жана эрте кийлигишүү механизмдерин андан ары өнүктүрүүгө инвестиция салууну сунушташат. Ошондой эле изилдөөчүлөр инклюзивдик билим берүүнү күчөтүп, майыптыгы бар балдарды интернаттык типтеги мекемелерден которуу саясатына колдоо көрсөтүүнү сунуш кылышууда. Майыптыкка жана инклюзияга кеңири тармактык мамиле жасоонун алкагында майыптыгы бар балдардын укуктарын камсыз кылуу үчүн майып балдарга мамиле жасоодогу социалдык нормаларды өзгөртүп, зыяндуу тажрыйбаны токтотуу зарыл.

Талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келечекте тиешелүү саясатты иштеп чыгуу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн далилдерди жана сунуштарды берет. Ал ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүдө жарандык коом уюмдарына жана өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө көмөктөшөт.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.