ЮНИСЕФ БУУнун Көп шериктеш максаттуу фонду аркылуу Кыргыз Республикасы үчүн 8 миллион сомдон ашык суммага инсулин жана неврологиялык дары-дармектерди сатып алды

COVID пандемиясы менен шартталган дары-дармектердин жетишсиздиги көйгөйүн чечип, инсулиндин улуттук запастарын толтурууда жана неврологиялык дары-дармектер менен камсыз кылууда ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине колдоо көрсөттү

05 Апрель 2021
Insulin and neurological medicines
UNICEF

БИШКЕК, 2021-жылдын 5-апрели - ЮНИСЕФ БУУнун Көп шериктеш максаттуу фондунун (MPTF) каржылоосу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги үчүн 8 миллион сомдон ашык суммага неврологиялык дары-дармектерди жана 17 000 доза инсулин сатып алды. Бул неврологиялык дары-дармектер бир нече дары каражатынан турат, анын ичинде 1 400 таңгак топирамат жана 2 794 таңгак леветирацетам да бар. 17 000 инсулин дозасынан тышкары, 500 000 инсулин ийнеси, канда жана заарада глюкозаны текшерүү үчүн 230 000 тест жана колдонулган ийнелер үчүн контейнерлер берилген.

Бул дары-дармектер диабет жана нерв оорулары менен ооруган балдарды жана өспүрүмдөрдү дарылоо үчүн өтө зарыл болуп саналат. COVID-19 пандемиясынан улам дары-дармектерди жеткирүүдө жана сатып алууда кыйынчылыктарга карабастан, өмүрдү сактап калуучу дары-дармектер ушундай бейтаптарга жеткиликтүү болгону өтө маанилүү.  

Бул дары-дармектер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атайын суратымы менен COVID-19га каршы туруу боюнча колдоонун алкагында жана эң керектүү дары-дармектердин жетишсиздигин чечүү максатында сатылып алынган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги улуттук клиникалык протоколдорго ылайык, өлкө үчүн эң керектүү дары-дармектердин тизмесин тастыктады.

Бул дары-дармектерди жеткирүү иши БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш түзгөн БУУнун Көп шериктеш максаттуу фонду (MPTF) тарабынан каржыланган. Аталган Фонд өлкөлөргө коронавирус илдетинин жайылышын токтотууга жардам берип, аялуу катмарды пандемиянын социалдык-экономикалык оор кесепеттеринен коргоо максатында түзүлгөн.

ЮНИСЕФ COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөштө мындан ары да КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. Бул үчүн илдет менен күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарга зарыл болгон жабдуу предметтерин берип турат. Ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи. 

БУУнун COVID-19 менен күрөшкө жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү фонду жөнүндө

БУУнун Башкы катчысы пандемияга жана анын буга чейин болуп көрбөгөндөй социалдык-экономикалык оор кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн БУУнун жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү фондун түзгөн. Бул биргелешкен программа Нидерланддар, Дания, Швейцария, Норвегия, Швеция, Корея Республикасы, Финляндия, Жаңы Зеландия, Хорватия, Исландия, Таиланд, Словакия Республикасы жана Камбоджа сыяктуу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү фондуна кошкон салымы аркылуу ишке ашырылып жатат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.