ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын жаңы Өкүлү – Динара Руслан

29 Апрель 2022
Dinara Ruslan becomes Champion supporter of UNICEF’s “Girls in Science” programme
UNICEF/Kyrgyzstan/2022

Бишкек, 28-апрель – Маалыматтык-компьютердик технологиядагы кыздардын эл аралык күнүндө ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Динара Русланды “Илимдеги кыздар” (STEM) программасынын Өкүлү катары жарыялайт. Муну менен Динара Руслан аталган программанын дагы бир Элчиси, доктор Асел Сартбаевага кошулууда. Динара Руслан айым Codify деп аталган IT-компаниясынын,  Программалоо жана дизайн академиясынын, Сингапурдагы, Австралиядагы жана Европадагы компаниялар үчүн IT-продукциясын иштеп чыккан CodifyLab’дын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ал ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын жана Креативдүү өнөр жай ассоциациясынын башкаруусунун мүчөсү.

“Жакырчылык, жынысы боюнча басмырлоо, гендердик стереотиптер жана санариптик сабатсыздык кыздар менен аялдардын санариптик технологияларды колдонуусуна тоскоол болууда. Дүйнөлүк жумушчу күч санарип аспаптарды жана башка технологияларды барган сайын көбүрөөк колдонуп жаткандыктан, бизди артта калуудабыз. Мен аял лидер катары кыздарыбыз жана аялдарыбыз ушул процесстен четте кала бербеши үчүн IT тармагына аялдарды тартууга өзгөчө көңүл буруп жатам”, - деди Динара Руслан. Динара айым Кыргызстанда маалыматтык-компьютердик технологиялар тармагын изилдеп, өз карьерасын өнүктүрүү жолунун башында турган аялдардын бири.

ЮНИСЕФ “Илимдеги кыздар” программасын 2020-жылы ишке киргизген. Бул программа жаңы конуштарда жана элет жергесинде жашаган кыздар илимде, технологияларда, инженерияда жана математикада ийгиликке жетип, бул чөйрөлөрдө карьера жасай алышы үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Программа ишке киргенден бери 400гө жакын окуучу кыз мектепти аяктагандан кийин табигый илимдер жана маалымат технологиялары факультеттерине тапшыруу максатында Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу үчүн кошумча сабактарга барышууда. “Илимдеги кыздар” программасынын жалпы максаты – жогорку класста окуган 500 кызды өз жамааттарындагы кичүү кыздарга насаатчы жана үлгү болушуна даярдоо. Мындай жол менен алар дагы жүз миңдеген кыздарга жетип, дем берүүдө, бул кыздар өзгөрүүлөрдүн эң жигердүү жана натыйжалуу жол көрсөтүүчүсүнө айланышууда.

“Динара Русландын “Илимдеги кыздар” программасын колдоп жатканы бизди абдан кубандырат, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм. - Ал көптөгөн кыздарды шыктандырып, алардын илим, технология жана инженерия жаатындагы дымактарына ишеним берип келген үлгү болчу инсан”.

Бул жылы Маалыматтык-компьютердик технологиядагы кыздардын эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында 100 өспүрүм кыз үчүн Динара Русландын дем берүүчү сессиясы, андан кийин саат 15:00дөн 17:00гө чейин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде интерактивдүү суроо-жооп сессиясы өтөт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.