ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Афшан Хан айымдын Кыргызстанга сапары
БИШКЕК, 2021-жылдын 22-ноябры - Бүгүн ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Афшан Хан айымдын Кыргызстанга расмий сапары башталды. Бул сапар 2021-жылдын 22-ноябрынан 23-ноябрына чейин созулат, жана Кыргызстанга болгон экинчи сапары.
Эки күндүк расмий сапарынын алкагында Афшан Хан айым ЮНИСЕФтин негизги мамлкеттик өнөктөштөрү менен жолугуп, Кыргызстандын Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Өлкөлүк Кызматташтык Программасынын ишке ашырылышын талкуулайт. Талкууларда балдардын укуктарын ишке ашыруудагы жаңы артыкчылыктарга жана негизги өңүттөрүнө көңүл бурулат. Мисалы, өлкөдөгү балдардын жакырчылыгы, майыптуулугу бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалы, ата-энелик, санарип билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өспүрүмдөр жана жаштар эмгек ишмердигине өтүп, жигердүү жарандык позицияга ээ болуусу үчүн аларга керектүү көндүмдөрдү үйрөтүү сыяктуу өңүттөргө басым жасалат.
Иш сапарынын алкагында Хан айым КР Билим берүү жана илим министри менен бирге балдарды тарбиялоо боюнча “Беббо” тиркеменин жана “Окуу паспорту” платформасынын бет ачарына катышат, “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары менен жолугушат, “Коопсуз мектептер” программасынын алкагында балдар үчүн өткөрүлө турган симуляциялык машыгууларга катышат, ал эми бул машыгууларды ЮНИСЕФтин ыктыярчылары өткөрүшөт.
Хан айым 30 жыл бою эл аралык мамлекеттик кызматчы болуп иштеген. Буга чейин ал ЮНИСЕФтин Өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору кызматын, ошондой эле дагы бир катар жетектөөчү кызматтарды ээлеген: Коомчулук менен иш алып баруу жана ресурстарды мобилдештирүү боюнча башкармалыктын директору; Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча Регионалдык директордун орун басары жана ЮНИСЕФтин Ямайкадагы Өкүлү болуп иштеген.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.