Парламенттин Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясын кабыл алганына байланыштуу ЮНИСЕФтин билдирүүсү

30 Июль 2021
UNICEF logo
UNICEF

ЮНИСЕФ кечээ, 2021-жылдын 29-июлунда өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Парламенти Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана аны коштоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алганын кубаттайт. Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүдө Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга ылайык иш жүргүзүүгө болгон милдеттенмесин тастыктаган өзгөчө окуя болуп саналат.

Жаңы Балдар жөнүндө кодекс – бул бардык шарттарда балдарга кол көтөрүп жазалоого тыюу салган биринчи юридикалык документ; ал аялуу балдардын жана үй-бүлөлөрдүн ар бир ишин  жекече кароону күчтөндүрүп, балдарды коргоонун күчтүү системасы үчүн социалдык кызматтарды жергиликтүү деңгээлдеги негизги звено катары аныктайт. Документ ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын социалдык жактан коргоо укугун камсыздайт; мигрант балдарды жана өзгөчө аялуу балдарды коргоо үчүн бекем укуктук базаны камсыз кылат.

ЮНИСЕФ 2017-жылы парламент депутаттары тарабынан демилгеленген Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана мыйзамдардын кошумча пакетин иштеп чыгуу боюнча парламенттик комитеттердин жана эксперттердин ырааттуу жасалган ишин жогору баалайт.

Ушул Балдар жөнүндө кодексти кабыл алуу менен, өлкө балдардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча милдеттенмесин дагы бир жолу тастыктап, балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияга ылайык корголушун камсыз кылат.

Жаңы Балдар жөнүндө кодекси Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №4 Жарлыгына үндөшөт. Бул Жарлыкта балдарды коргоону күчөтүүгө, ата-эненин жана үй-бүлөлөрдүн балдарга кам көрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурууга жана айрыкча мигранттардын балдарына мамлекеттик коргоонун эффективдүү кепилдиктерин сунуштоого өзгөчө басым жасалган.

ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Балдар жөнүндө кодексти ишке ашырууда мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын Парламентине жана Өкмөтүнө колдоо көрсөтө берүүгө даяр.

                                                             

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.