Кыргызстан Өкмөтү менен ЮНИСЕФ кызматташуунун беш жылдык Өлкөлүк программасынын артыкчылыктары жөнүндө макулдашты

25 Май 2022
The Government of Kyrgyzstan and UNICEF agree on priorities for new five-year Country Programme of Cooperation
UNICEF/Kyrgyzstan/2022

Бишкек, 2022-жылдын 25-майы – Бүгүн Өкмөт менен ЮНИСЕФ 2023-2027-жылдарга Кыргызстан Өкмөтү – ЮНИСЕФ жаңы Өлкөлүк программасын иштеп чыгууну аяктады. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жолм төрагалык кылган иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, мамлекеттик мекемелердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 50гө жакын кызыкдар тарап Кыргызстандагы бардык балдардын укуктарын ишке ашыруу максатында кызматташуу ниетин ырасташты.

«Кыргызстан Өкмөтү – ЮНИСЕФ» өлкөлүк программасы – балдар үчүн 2030-жылга чейин ар бир бала аман калып, өсүп-өнүгүп, билим алат, коопсуз чөйрөдө жашайт, зордук-зомбулуктан жана жакырчылыктан корголот деген көз карашка биргелешип жетүү үчүн балдардын кызыкчылыгы үчүн көз карашты жана конкреттүү натыйжаларды иштеп чыгууга багытталган. Болжолдуу беш жылдык бюджети 42 миллион АКШ долларына жакын өлчөмдөгү жаңы өлкөлүк программа балдардын кызыкчылыгы үчүн саламаттык сактоо, билим берүү, балдарды коргоо жана социалдык саясат сыяктуу чөйрөлөргө багытталган. Эки негизги приоритет болуп ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын ишке ашыруу, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын укуктарын өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саналат. Бул стратегия өкмөттөн, жарандык коомдон жана жаштардан келген кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен ар тараптуу консультацияларды камтыган инклюзивдүү процесстин жүрүшүндө иштелип чыккан.

ЮНИСЕФтин жаңы өлкөлүк программасы 2040-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү стратегиясына жана 2021-2026-жылдарга Улуттук өнүктүрүү программасына толугу менен шайкеш келет. 2023-2027-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуунун алкактык программасынын (ТӨЖКАП) ажырагыс бөлүгү болуп саналат, программа Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүгө, ошондой эле теңсиздикти жана изоляцияны кыскартууга салым кошот. Программа COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттеринин жана балдарга карата региондо геосаясий кризистин проблемаларын чечүүдө өкмөткө колдоо көрсөтөт.

«Чоң ишти, эксперттик консультацияларды, ошондой эле көптөгөн изилдөөлөрдү, атап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын абалын талдоону жыйынтыктоочу бул иш-чара үчүн мен ЮНИСЕФке ыраазымын. Бул программа бизге жалпы багыттоочу документ болушун жана ошол эле учурда өлкөбүздүн, бизди атайын топтогон балдарыбыздын актуалдуу муктаждыктарына жооп берген жандуу, ийкемдүү болушун каалайбыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

«ЮНИСЕФ Кыргызстанда 1994-жылы биринчи жолу өзүнүн өкүлчүлүгүн ачкандан бери ал өлкөдөгү бардык балдардын укуктарын ишке ашырууда Кыргызстан Өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет. 2023-2027-жылдарга жаңы өлкөлүк программаны ишке киргизүү Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда каралгандай, Кыргызстандагы ар бир баланын жана жаштардын жашоосун жана келечегин жакшыртуу максатында биздин өнөктөштүктү мындан ары да бекемдейт деп бекем ишенем», - деди Кристин Жолм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.

 «ЮНИСЕФ балдарга жана өспүрүмдөргө, өзгөчө аялуу катмарга, дени сак жана жашоого туруктуу болуп чоңоюуга, сапаттуу билимге жана көндүмдөргө жетүүгө, зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин бардык түрлөрүнөн, камкордуктун жоктугунан жана жакырчылыктан бардык түрлөрүнөн корголууга мүмкүндүк берген системаларды бекемдөөдө Өкмөткө колдоо көрсөтүүнү улантат».

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.