Кыргызстан жаштарынын сунуштары БУУнун Башкы Ассамблеясынын дүйнөлүк күн тартибине киргизилди

Кыргызстан жаштары U-Report сурамжылоосуна катышты, ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын Саммитиндеги Билим берүүнү трансформациялоо боюнча Жаштардын глобалдык декларациясына негиз болуп берет

16 Сентябрь 2022
The girls in the secondary school in Bishkek
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Bektur Zhanibekov

БИШКЕК, 2022-жылдын 16-сентябры. — ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаштар арасында билим берүү маселелери боюнча сурамжылоо жүргүздү. Ал 16-19-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында Баш катчынын башчылыгынын алдында өтүп жаткан Билим берүүнү трансформациялоо боюнча Саммитине катышууга негиз болуп берди. Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, анын ичинде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров катышат.

Сурамжылоо U-Report платформасы аркылуу 2,158 өспүрүм жана жаштардын катышуусунда өткөрүлдү. Ал жаштардын пикирлерин, көгөйлөрүн, өлкөдөгү билим берүү боюнча өкмөттүн  пландары, айрыкча COVID-19дан кийинки мезгилдеги чечимдери боюнча күтүүлөрүн аныктоого багытталган. Респонденттердин 90 пайыздан ашыгы башталгыч мектептеги бардык балдар окуу жана математика боюнча базалык көндүмдөргө ээ болушу үчүн өкмөт кошумча колдоо көрсөтүшү керек деген оюн билдиришти. Бул - БУУнун саммитинде карала турчу негизги көйгөйлөрдүн бири. Себеби ушул тапта бүткүл дүйнө билим берүүнүн глобалдык кризисин баштан кечирүүдө, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдөгү 10 жашар балдардын жарымы гана жөнөкөй тексттерди окууга жөндөмдүү.

ЮНИСЕФтин жакында жарыяланган "Балдар чынында эле окуп жатабы?" деген дүйнөлүк отчетуна ылайык, Кыргызстанда 3-класска барган балдардын жарымынан азыраагы окуу жана эсеп боюнча базалык көндүмдөргө ээ.

Билим берүүнүн сапатынан сырткары жаштарды окуучуларга каржылык колдоо көрсөтүүнүн чектелгендиги тынчсыздандырат. Көпчүлүгү балдарга китеп жана башка окуу куралдарын сатып алуу керектигин белгилеп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү төлөмдөрдөн бошотууну сунушташты. "Бардык эле балдар мектепке бара алышпайт, себеби ата-энелеринде аларды кийинтип, мектеп буюмдары менен камсыздоого акчасы жок. Мектепте ремонт, майда-чүйдөгө кошумча да төлөш керек, ошондуктан андай балдарга жеңилдик берип, ремонт жана коопсуздук төлөмдөрүнөн бошотуу зарыл", - деп жазды Ю-Репортерлордун бири.

Дагы бир тыянак боюнча, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн инклюзивдик билим берүү деген эмне экенин Ю-Репортерлордун үчтөн бир бөлүгү гана так билишет. Бул билим берүү сектору система жана мектеп деңгээлинде адилеттүүлүктү жана инклюзивдүүлүктү илгерилетүү боюнча күч-аракетин активдештириши керектигин түшүндүрөт.

Ю-Репорттун ушул глобалдык сурамжылоосунда чагылдырылган жаштардын үнү Жаштардын глобалдык декларациясына киргизилди. Документте билим берүүгө боюнча дүйнөлүк милдеттемелерге карата жаштардын талаптары белгиленет.  Билим берүүнү кайра түзүү концепциясы боюнча Жаштардын глобалдык декларациясы жана БУУнун Баш катчысынын Билдирүүсү БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жүрүшүндөгү Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммиттин негизги документтери болуп калат. Бир нече айга созулган консультациялардан кийин 19-сентябрда мамлекет жана өкмөт башчылары улуттук милдеттемелерди кабыл алышат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

 

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.