Дүйнөлүк эмдөө жумалыгы: ЮНИСЕФтин Ыктыярдуу элчиси Лиам Нисон эмдөө боюнча глобалдык күч-аракеттердин жумалыгын белгилеген иш-чараларды жетектеп, бул багыттагы инвестицияларды көбөйтүүгө чакырды

Глобалдык өнөктөштөр 10-майга чейин социалдык тармактарда ЮНИСЕФтин аты аталган жана #longlifeforall хэштеги бар постторго коюлган ар бир жакты белгиси, постту бөлүшүү же жазылган пикир үчүн 1 доллардан төлөп берүүгө милдеттеништи.

24 Апрель 2022
A child getting vaccine
UNICEF/Kyrgyzstan

Видеону бул жерден жүктөп алса болот

НЬЮ-ЙОРК, 2022-жылдын 24-апрели. – ЮНИСЕФтин Ыктыярдуу элчиси Лиам Нисон ЮНИСЕФтин эмдөө боюнча глобалдык демилгесин жетектей баштады. Нисон жалпы дүйнөгө даректелген кайрылуусунда акыркы жыйырма жыл ичинде балдарды эмдөөдө маанилүү ролду ойногон окумушууларга, ата-энелерге, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине жана башкаларга ыраазычылыгын билдирди.  

Бүткүл дүйнөлүк эмдөө жумалыгынын алдында жарыяланган видеодо Нисон полиомиелитке каршы алгачкы вакцинаны иштеп чыккан Джонас Солк сыяктуу окумуштуулардын жана заводдордо флакондорду вакцинага толтурган же вакциналарды дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирген, өз ишине жан дили менен берилген кызматкерлердин күч-аракетинин натыйжасында жыл сайын 2-3 миллион баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болуп жатканын баса белгиледи.

“Вакциналар – бул адамдардын укмуштуудай сонун ийгилигинин тарыхы. Акыркы 75 жылдын ичинде окумуштуулардын, медициналык кызматкерлердин жана ыктыярчылардын жардамы менен миллиарддаган балдар эмделди. Эгерде сиз кайсы бир убакта эмдөөдөн өткөн болсоңуз же балдарыңызды эмдетсеңиз, анда сиз да бүтүндөй адамзаттын коопсуздугун камсыз кылган “кол-колго” чынжырынын бир шакекчеси болуп саналасыз”, - деди ЮНИСЕФтин Ыктыярдуу элчиси Лиам Нисон. “Биз чечек оорусуна чалдыгып калабыз деп кооптонбой жашап жатабыз. Бир кезде полиомиелит өтө кооптуу оору эле, бирок азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бул оору коркунуч туудурбай калды. Акыркы жылдары вакциналар жөнүндө сөз болгондо, бул вакциналар ар бирибиз үчүн канчалык пайдалуу болгону көз жаздымда калып жатат. Биз муну унутпашыбыз керек. Бул, балким, адамзаттын тарыхындагы эң чоң жамааттык жетишкендиктердин бири”.

Ушул мүнөттөн баштап 10-майга чейин ЮНИСЕФтин социалдык тармактардагы аккаунту белгиленип, #longlifeforall хэштеги жазылган постко коюлган ар бир жакты белгиси, бул пост менен бөлүшүү же жазылган пикир үчүн сиз Бириккен Улуттар Уюмунун Фондунун Shot@Life өнөктөгүнөн ошондой эле Билл жана Мелинда Гейтстин Фондунан ЮНИСЕФ үчүн 1 доллар которгон болосуз. Бардык балдарга өмүрдү сактап калуучу, өтө зарыл болгон вакциналарды алууга жардам берүү үчүн жалпысынан 10 миллион долларга чейин которууга болот.

Жетишкен ийгиликтерге карабастан, 2020-жылы 23 миллион бала эмдөөдөн өтпөй калган деген кооптондурган маалыматтар бар. Бул санды эмдөө кызматтарына дагы көбүрөөк инвестиция жумшоонун эсебинен гана кыскартууга болот. ЮНИСЕФ 100дөн ашуун өлкөдө жашаган балдар үчүн вакциналарды жеткирип берген алдыңкы глобалдык уюм болуп саналат. Вакцина боюнча альянс ГАВИ жана өнөктөштөр менен бирге ЮНИСЕФ дүйнөдөгү беш жашка толо элек балдардын 45 пайызын вакцина менен камсыздайт. ЮНИСЕФ ошондой эле саламаттыкты сактоо жана эмдөө жаатындагы улуттук программаларды чыңдоо максатында 130дан ашуун өлкөнүн өкмөттөрү менен кызматташып келет.

“Акыркы эки жыл айрым балдарды коргоосуз калтырган саламаттык сактоо системасы – бул бардык балдарды коргоосуз калтырган саламаттык сактоо системасы экенин көрсөттү, - деди ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Кэтрин Рассел. - Дүйнө үчүн бул пандемиядан кутулуп, келечекте саламаттык сактоо жаатындагы чукул кырдаалдарга даярдануунун эң мыкты жолу – ар бир бала үчүн саламаттык сактоо системасын, эмдөөлөрдү жана негизги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү чыңдоого инвестиция салуу”.

Жыл сайын апрель айынын акыркы аптасында белгиленүүчү Дүйнөлүк эмдөө жумалыгы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эгидасы алдында өтүп турат жана бардык курактагы адамдарды оорудан коргоо үчүн вакциналарды колдонууга үгүттөө максатында глобалдык өнөктөштөрдүн башын бириктирет. Бул жылдын темасы #LongLifeForAll (“узак өмүр”) деп аталып, мында өмүр бою эмдөөнүн маанилүүлүгү чагылдырылат.

“Биз COVID-19 пандемиясынан улам үзгүлтүккө учураган эмдөө кызматтарын калыбына келтирип, вакцинанын жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон бардык ооруларга каршы күрөштөгү прогрессти тездетүү үчүн убакыт менен жарышып жаткандайбыз, - деди Билл жана Мелинда Гейтс Фондунун глобалдык саясат жана адвокация боюнча президенти Гарджи Гош. – Дал ошондуктан айрыкча дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндөгү балдарды узак жана дени сак жашоо үчүн зарыл болгон вакциналар менен камсыз кылуу максатында биз ЮНИСЕФ жана дүйнө жүзү боюнча башка өнөктөштөр менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз”.

“ЮНИСЕФ дүйнөдөгү беш жашка толо элек балдардын дээрлик жарымын өмүрдү сактап калуучу вакциналар менен камсыздап, аларды коргоо аркылуу мээримин берүүдө, - деди Бириккен Улуттар Уюмунун Shot@Life Фондунун аткаруучу директору Марта Ребор. – Дүйнөлүк эмдөө жумалыгы маалында бул ишти колдоп, андан ары жайылтуу биз үчүн чоң сыймык. Башка өнөктөштөр да маанилүү глобалдык эмдөө программаларын илгерилетүүдө бизге кошулат деп ишенебиз”.

##

Редакторлор үчүн кошумча маалымат

Видео жана өнөктүк 24-апрелде Гринвич убактысы боюнча саат 00.01де башталат. ЮНИСЕФтин элчилери менен онлайн баарлашуулар Facebook жана Instagram баракчаларына жайгаштырылат, ошондой эле жарыялоого тыюу салынган мезгилде жана Дүйнөлүк эмдөө жумасында бул жерден жүктөп алууга болот.

ЮНИСЕФтин эмдөө жаатындагы иши тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден тапса болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.