Балдар жөнүндө кодекс боюнча ЮНИСЕФ менен Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын биргелешкен билдирүүсү

29 Март 2022

ЮНИСЕФ 2021-жылдын 30-июлундагы билдирүүсүндө Парламенттин 29-июлда Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана аны коштоочу мыйзамдарды кабыл алуусун кубаттайт. Бул мыйзамдар Кыргыз Республикасындагы бардык балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн бакубатчылыгын камсыз кылып, балдарды коргоо максатында укук үстөмдүгүн бекемдөө жана балдарды коргоонун ишенимдүү системасын түзүү үчүн негизги укуктук база катары каралууда. Бул жыйынтык Парламенттин, министрликтер менен ведомстволордун, ошондой эле сот бийлигинин үч жарым жылдык ишинин туу чокусу болду. Бул Балдар жөнүндө кодекстин кабыл алынышы Кыргыз Республикасы БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы боюнча улуттук милдеттенмелерин аткарууга маанилүү кадам жасап жаткандай каралууда. Өлкө 2023-жылы БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетине мезгилдүү отчетту жана 2022-жылы Универсалдык мезгилдүү серепке орто аралыктагы отчетту тапшырат.

Парламент кабыл алгандан кийин Президенттин аппараты карап чыгып, бул мыйзамдарды каршы пикирлери менен кайтарганы, аларды Парламенттик макулдашуу тобу аркылуу чечүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасында жигердүү ачык талкуулар жүрүүдө дегендей кабыл алынууда. ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары жаңы парламентти чечилбей калып жаткан маселелерди карап чыгуу, “баланын кызыкчылыктары үчүн гана” деген принциптин негизинде чечүү максатында Макулдашуу тобун парламенттин регламентине жана жол-жоболоруна ылайык кайра түзүүгө чакырат. Балдарды, өзгөчө аялуу катмарлардан, зомбулуктун, катаал мамиленин жана эксплуатациялоонун бардык түрлөрүнөн коргоону күчөтүү максатында ачык талкуулоо жолу менен Балдар жөнүндө кодекске кол коюуга жана ишке ашырууга жол табууга болот. Мындай кадам Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2014-жылдагы корутунду пикирлерине, 2020-жылдагы Универсалдуу мезгилдүү серептин сунуштамаларына жана 2021-жылдагы Кыйноолорго каршы Конвенция боюнча корутунду пикирлерге түз жооп болот.

Кайра каралып чыккан Балдар жөнүндө кодексте маанилүү чаралар киргизилген. Атап айтканда, Кодекске ылайык, муниципалдык деңгээлде балдарды социалдык жактан коргоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүлөт. Мындай бөлүм иштердин өз убагында, туруктуу жана натыйжалуу каралышын, тобокелдик тобуна кирген балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат. Мындай иштер муниципалдык деңгээлде башка социалдык кызматтар, медициналык мекемелер жана мектептер менен макулдашылат. Социалдык кызматкерлерди муниципалдык деңгээлде даярдоо комплекстүү социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жана бул ишке тартылган бардык секторлор менен натыйжалуу координациялоону камсыз кылат, бул – зомбулук көйгөйүн комплекстүү чечүү үчүн өзгөчө маанилүү жагдай.

Жергиликтүү бөлүмдүн түзүлүшү да баланын жашоосунда үй-бүлөнүн маанисин жогорулатат, себеби Балдар жөнүндө кодекстин кайра каралган редакциясында балдарды үй-бүлөдө колдоого артыкчылык берилген. Кодекс баланы өз үй-бүлөсүндө багууга мүмкүн болбогон өзгөчө жагдайларда кыска мөөнөттүү, чукул жана адистештирилген жардам зарыл болгонуна жол берет жана он эки баладан ашпаган үй-бүлө тибиндеги мекемелерди сунуштайт. Кодекске киргизилген дагы бир ченем – эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин балдарын камкорчулукка алуу документтерин жол-жоболоштуруу да үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн бекемдөөнүн себеби болуп саналат.

ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары өлкөдөгү балдардын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Балдар жөнүндө кодексти ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Парламентине жана Өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берүүгө даяр. 

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.