Кыргыз Республикасында ымыркайлардын аман калып жашап кетүүсүнүн прогресси жана аспектилери

Ымыркайлардын аман калып жашап кетүүсүнүн прогресси жана аспектилери боюнча маалымат баракчасы

Mother with a newborn baby
UNICEF/Kyrgyzstan/2018

Кыска мазмуну

2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстанда ымыркайлардын аман калып жашап кетүүсүнүн прогрессин жана аспектилерин аныктап чыгуу боюнча изилдѳѳ жүргүзүүгѳ тапшырма берген. Изилдѳѳ Саламаттыкты сактоо министрлигинин улуттук эксперттеринин тобу жана SickKids Centre for Global Child Health & Mother and Child Care and Research Incorporated Canada- MccR Торонто, Канада борборунун эл аралык изилдѳѳчүлѳрүнүн катышуусу менен жүргүзүлгѳн. Аталган иш-чара Жапония Ѳкмѳтү тарабынан бѳлүнгѳн грантынын эсебинен каржыланган.

Изилдѳѳнүн натыйжасында, ѳлкѳдѳ энелер менен ымыркайлардын саламаттыгынын сактоосунун динамикасы жана аспектилери комплекстүү бааланып чыкты, ошондой эле, ымыркайлардын ѳлүмүнүн негизги себептери жана алардын алдын алуунун ыкмалары аныкталды. Изилдѳѳдѳ БУУнун глобалдык маалымат базалары, макалалар жана башка аналитикалык маалыматтар каралды. Бул изилдѳѳдѳ эӊ бир маанилүү булактардын бири катары, «Ымыркайлардын каттоосу (регистри)» колдонулду. Бул регистр- ымыркайлар менен энелери тууралуу маалыматты камтыган, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан уникалдуу маалымат базасы.

Изилдөө 1990 - 2018 жылдар аралыгын камтыды, анын ичинде, «Миӊ жылдыкты ѳнуктуруунун максаттары» жана «Туруктуу ѳнугуу максаттарынын (ТѲМ) доорундагы прогресси талданды. Ымыркайлардын аман калып жашап кетүүсүн камсыздоо боюнча бир катар эӊ маанилүү чаралар аныкталып, Кыргыз Республикасында 2030-жылга карата ТѲМ №3 прогресске жетишүү жана саламаттыктын кѳрсѳткүчтѳрүн жакшыртуу үчүн аларды жүзѳгѳ ашыруу боюнча толук сунуштар берилди.

Маалымат баракча
Автору
UNICEF
Жарыяланган күнү
Тилдер
орус, кыргыз

Жүктөп алууга даяр файлдар