Чолпонай менен бирге окуган сонун

Чолпонайдын долбоордогу иши көбүрөөк инклюзивдүү мектепти түзүүгө жардам берип жатат. Бул болсо “Бирге окуган сонун” долбоорунун негизинде ишке ашууда. Долбоордун өнөктөштөрү – ЮНИСЕФ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮСАИД.

Бермет Молтаева
Чолпонай менен бирге окуган сонун
ЮНИСЕФ/2020/Кыргызстан/В.Воронин
09 Ноябрь 2020

Чолпонай Талантбек кызы “Бирге окуган сонун” долбоору тууралуу маалымат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биринчи жолу жолугушууга баратканда анын алдында тоскоолдук пайда болду: Чолпонай ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кабылдамасы жайгашкан үчүнчү кабатка тепкич менен көтөрүлүшү керек эле, себеби имараттын ичинде лифт жок экен. Чолпонай бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлүнө так айтып, майыптуулугу бар адам катары бул ал үчүн өтө оор болгонун түшүндүрдү. Ыйгарым укуктуу өкүлү ошол замат имаратта лифт орнотууга убада кылган. Ошентип " “Бирге окуган сонун” долбоорунун жыйынтыктоочу тегерек столунда лифт орнотулуп, колдонууга берилгени жарыяланды.

Бирге окуган сонун
ЮНИСЕФ/2020/Кыргызстан/В.Воронин
"Бирге окуган сонун" долбоорунун Талас облусундагы ментору Талантбек кызы Чолпонай

Чолпонай майыптуулук тууралуу сырттан эле угуп жүргөн адамдардан эмес. Ал өзү майыптуулугу бар адам жана күн сайын майыптуулугу бар адамдар кандай тоскоолдуктарга дуушар болоорун мыкты билет. Чолпонай бул көйгөйлөрдү түшүнүп, Көк-Ой айылындагы Торкобүбү Кушчубаева атындагы мектептеги иши менен майыптуулугу бар бардык балдардын жашоосун жеңилдетүүгө салымын кошууга аракет жасады. Чолпонай – ЮСАИДдин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана ЮНИСЕФтин “Бирге окуган сонун” аттуу биргелешкен долбоорунун Талас облусу боюнча ментору.

Чолпонайдын иши билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдарды аныктоо аркылуу аларга инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүгө багытталган. Долбоордун ишмердиги республиканын жети облусундагы он пилоттук мектепти жана мектепке чейинки мекемелерди камтыйт. Бул программалардын жардамы менен майыптуулугу бар жана билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар бала бакчадан башталгыч мектептерге өтүп жатканда колдоого ээ болушат. Ошондой эле алар кадимки мектеп чөйрөсүндө формалдуу окуунун алгачкы жылына жакшыраак даярданып алышат.

2019-жылдын август айында Торкобүбү Кушчубаева атындагы мектептин эмгек жамаатына “Бирге окуган сонун” долбоору сунушталганда мугалимдер мындай инклюзивдүү ыкма өзүн актайт дегенге көбүрөөк ишене албай турушкан. Бирок долбоордун алкагында 14 мугалим майыптуулугу бар жана билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө үчүн окуудан өтүштү. Окууда үйрөнгөн методикалардын жардамы менен мындай балдардын китеп окууга, математикага жана жат жазууга үйрөтүүдө алардын өзгөчө муктаждыктарын аныктай алышты. Башында бул мектепте жалпы 19 майыптуулугу бар балдар билим алып жаткан. Ал эми окуу процессине баа берилгенден кийин, ошондой эле үйрөнгөн методикаларды колдонгон соң билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар башталгыч класстарда дагы 47 бала аныкталган. Ошондон кийин ар биринин окуудагы муктаждыктарын эске алуу менен жекече программа иштелип чыгып, ар бир бала үчүн жекече окуу планы даярдалган.

Бирге окуган сонун
ЮНИСЕФ/2020/Кыргызстан/В.Воронин
Талас облусунун Кок-Ой айылындагы Торкобубу Кушчубаева атындагы мектептин 1-классынын окуучулары математика сабагында. Бул мектеп "Бирге окуган сонун" долбоору менен камтылган он мектептин бири.

Долбоордун алкагында ар бир пилоттук мектепке чакан грант бөлүнгөн. Мектептин директору Жаңыл Умарова бул грантка байланышкан маселени өз жамааты менен талкуулап, бул каражатты оптималдуу колдонуу тууралуу чогуу чечим кабыл алышты. Ата-энелер жана балдар менен сүйлөшүлөрдү өткөргөндөн кийин бий үчүн бөлмө ачып, көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн жүгүрмө жол өңдүү атайын машыктыргычтарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул машыктыргычтардын жардамы менен окуучулар, анын ичинде майыптуулугу бар балдар аралашып баарлашуусун бекемдеп жана бири бирин кабыл алуусуна үйрөтөт. Бул мугалим балдар экинчи чейректе мектепке кайтып келгенде эле аларга бийдин түрлөрүн үйрөтүүгө даяр.

Бирге окуган сонун
ЮНИСЕФ/2020/Кыргызстан/В.Воронин
Талас облусунун Кок-Ой айылынын Торкобубу Кушчубаева атындагы мектебинин 1- классынын окуучулары мектепке кирип атышат. КОВИД 19 илдетинин жайылуусун алдын-алуу чаралары мектеп администрациясы тарабынан катуу көзөмөлдө

Жаңыл менен Чолпонай толкунданып турушат, бул сезим мектепте инклюзивдүү билим берүүнүн үстүнөн иштеп жаткан башка мугалимдерде да бар. Окууга карата биргелешкен ыкманы колдонуп, жаңы көндүмдөргө ээ болгон мугалимдер Талас шаарында дагы беш мектеп үчүн тренинг жана семинарларды өткөрүүнү чечишти. Алар “Бирге окуган сонун” долбоорунун жардамы менен алган көндүмдөрү жана билими менен бөлүшкүсү келүүдө.

Чолпонайдын мотивациясы кандай? Ал ар бир мүмкүнчүлүгү чектелүү адам биздин коомго кошулуусуна көңүл бурушу керек деп эсептейт. Улуттук статистикага ылайык, алты миллион адамдан турган өлкө калкынын ичинен 670 миң адамдын майыптуулугу бар, алардын 18 пайызы – балдар. А эгерде статистика башкача болуп, өлкө калкынын 670 миңинде гана майыптуулугу болбосо анда шарт-жагдай кандай болмок? Өкмөт майыптуулук маселесин чечүүдө кандай жолду тандамак?

Адамдар инклюзивдүү коомдун артыкчылыктарын түшүнүшү үчүн Чолпонай алардын башын бириктирүүдө. Муну менен ал “Бирге окуган сонун” долбоорунун баалуулуктарын жашоодо ишке ашырууда. Ошондой эле ал майыптуулугу бар жана билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдардын мүмкүнчүктөрүн кеңейтүүгө умтулуп жатат.