Жамааттык бала бакчалар Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү көйгөйүн чечүүгө жардам берүүдө

Кыргызстанда 3 жаштан 5 жашка чейинки курактагы беш баланын ичинен бирөө гана мектепке чейинки билим берүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Вероника Ващенко
Төрт жаштагы Малика бир нече айдан бери Ысык-Көл облусунун Ырдык айылындагы жамааттык бала бакчага барууда.
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016
16 Январь 2018

БАТКЕН / КАРАКОЛ, Кыргызстан, 26-октябрь, 2016 – Төрт жаштагы Малика бир нече айдан бери Ысык-Көл облусунун Ырдык айылындагы жамааттык бала бакчага барууда. “Мен ал жакта кыздар менен ойноп, тамгаларды үйрөнүп жатам. Мага бала бакча жагат”, - деди наристе.

Малика жана анын үй-бүлөсү дунгандардын этностук азчылыгына кирет жана Кыргызстандын түндүгүндөгү калкынын саны 2,5 миңдин тегерегинде болгон Ырдык аттуу чакан айылда жашашат. Ысык-Көл облусу Кыргызстандын өнүгүп келаткан аймагы болуп эсептелет. Бул жакта жашагандар Маликанын ата-энесиндей эле негизинен айыл чарбасы менен алектенишет. Айылда 7 жашка чейинки балдар үчүн бир гана мектеп бар. Бирок ал да жакында эле ачылды. Буга чейин бул жакта бир дагы бала бакча болгон эмес.

Мектепке чейинки билим берүүнүн жоктугу Малика өңдүү балдардын келечегине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Балдар бала бакчада алган тажрыйба жана билим алардын аң-сезимин калыптандырууда жана өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Бала жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы жылдары ымыркайдын мээси чоң потенциалга ээ – ар бир секунда сайын 1000 клетка активдешип турат. 

Балдар канчалык эрте билим алууга жана оюндарга тартылса, ошончолук ар тараптуу өнүгүп, келечекте ийгиликтүү болуу шансы да көбөйөт.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер балдарга мектепке ойдогудай даярданууга жардам берет. Бул өзгөчө элет жергесинде жашагандар үчүн маанилүү.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Энчилеш айылындагы жамааттык бала бакчасына
ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Энчилеш айылындагы жамааттык бала бакчасына барган төрт жаштагы Элина сүрөт тартуу убагында.

Жалпы улуттук көйгөй

Кыргызстанда эрте курагында билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу өлкөнүн көптөгөн облустарында көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө. Кыргызстан эгемендик алгандан бери болуп келаткан саясий, экономикалык жана саясий кайра түзүүлөр мамлекеттин мектепке чейинки мекемелерди каржылай албай калуусуна таасирин тийгизди. Натыйжада мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин 74% 1990-жылдары эле жабылып калган, ал эми мындай билимден өксүгөндөрдүн саны кескин көбөйүп кеткен. 

Бүгүнкү күндө мамлекеттик мектепке чейинки билим алууга жете алган 3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын үлүшү өлкө боюнча болгону 22,7% түзөт.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эрте куракта окутуу жана балдарды мектепке даярдаган программалардын жетишсиздиги өңдүү көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп келатышат.

2015-жылы ЮНИСЕФ жана жергиликтүү бийлик органдары Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен 17 бала бакча ачышкан. Бул мекемелер Кыргызстандын чек аралаш жана алыскы райондорунда жашаган миңден ашуун балага мектепке чейинки билим берип келатат.

2016-жылдын мартында Кыргызстандын түштүгүндөгү Баткен облусунун Лайли жана Максат айылдарында “Данакер” жана “Сейтек” аттуу эки жамааттык бала бакча ачышкан. Алыскы айылдарда жашаган 130дан ашуун наристе бул бала бакчаларга күн сайын барышууда.

“Ар бир бала бакчанын ачылышы биз үчүн өтө маанилүү окуя. Эрте куракта билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жана наристелерди мектепке даярдоо боюнча программаларды кеңейтүү Билим берүү жана илим министрлигинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет”, - деп айтты Лейли айылындагы салтанаттуу аземде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева.
 

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү
ЮНИСЕФ Кыргызстан/ Влад Ушаков
Кыргызстанда 3 жаштан 5 жашка чейинки курактагы беш баланын ичинен бирөө гана мектепке чейинки билим берүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Нөөмөт менен окутуу

Бирок буга карабастан Кыргызстандагы бардык наристелер үчүн бала бакчалар дале жетишсиз бойдон кала берүүдө. Мындан тышкары кадимки бала бакчалар өтө кымбат болууда жана өзгөчө элет аймагында жашаган балдарга орундар жетишсиз болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн ЮНИСЕФ өз өнөктөштөрү менен биргеликте жамааттык бала бакчалардын моделин сунуштады. Бул модель боюнча көбүрөөк балага билим берүү үчүн нөөмөттөр киргизилди.

“Баланы бир күн бою бакчада кармагандын ордуна, жамааттык бала бакчалар нөөмөт менен билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө – бир топ эртең менен келсе, экинчи топ түштөн кийин келет. Ошентип бир күндө имараттагы бир бөлмөдө эки эсе көп бала кезектешип билим алууда. Мындай бала бакчаларга уктоочу бөлмөлөр да керек эмес”, -деп түшүндүрдү Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адиси Чынаргуль Жумагулова.

Жергиликтүү жамааттар жана бийлик имарат таап, эмгек маянаны төлөп берүү үчүн жергиликтүү ресурстарды бөлүштүрүү менен мына ушундай бала бакчаларды ачып жатышат. 

ЮНИСЕФ бала бакчаларга жабдууларды жеткирип, дааратканаларды куруп, суу өткөрүүгө жардам берип, мындан тышкары мугалимдерди окутуп, эмеректерди, оюнчуктарды жана окуу материалдарын сатып берүүдө.

Акыркы жылдары өлкө боюнча жүздөн ашуун жамааттык бала бакча ачылды. Мындай иштердин арты менен мектепке чейинки билим алган балдардын катары калыңдоодо. Мектепке даяр элеттик балдардын үлүшү 2006-жылы 8,8% болсо, 2014-жылы 40% түздү.

“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы жылдары анын мээси өтө тездик менен өнүгөт. Ушул жылдар баланын окууга жөндөмдүүлүгүн аныктап, социалдык жана эмоционалдык жактан өнүгүүсүнө жана ден соолугуна таасирин тийгизет, келечекте ийгиликтүү болуусуна көмөктөшөт”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуа.

“ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдардын эрте куракта өнүгүүсү боюнча иштерин кеңейтүүгө умтулат. Муну менен Малика өңдүү көп сандагы балдарга билим алып, бала бакчага барып, келечекте ийгиликтүү болууга шарт түзөбүз.