Ю-Репорт Кыргызстанда
Ю-Репорт – бул ЮНИСЕФтин санариптик платформасы. Ал аркылуу жаштар өз жашоосундагы маанилүү маселелер боюнча пикирин билдире алышат.
Ю-Репорт деген эмне?
ЮНИСЕФ Ю-Репортту 2011-жылы баштаган. Платформа жаштарга ар түрдүү сурамжылоолорго катышып, өз оюн билдирүүгө шарт түзөт. Ю-Репорт аркылуу өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган жаштар да социалдык жактан маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды алып турушат.
Дүйнө жүзү боюнча 97 өлкөдө 31,2 миллион Ю-репортер бар.
Кыргызстанда Ю-Репортту иштетүүдө ЮНИСЕФ КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен кызматташат. Платформаны КР Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, Жаштар конгрессинин жана Ю-Репорт ыктыярчыларынын өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш башкарат.
Платформа кантип иштейт?
Каалаган жаштар Ю-Репортко WhatsApp, Telegram жана башка социалдык тармактар аркылуу каттала алышат. Каттоодон өткөндөн кийин алар жаңы сурамжылоолор жөнүндө кабарламаны ала башташат. Кыска-нуска сурамжылоолор жакырчылыктан баштап, Интернеттеги коопсуздукка чейинки ар кандай маселелерди көтөрөт.
Каттоодон өткөн бардык колдонуучулар купуя добуш бере алышат.
Сурамжылоолордун жыйынтыктары ошол замат Кыргызстандын Ю-Репорт вебсайтына дароо жарыяланып турат.
Кантип Ю-Репортер боло аласыз?
Ю-Репортко катышуу акысыз, ыктыярдуу жана Кыргызстандын бардык жаштары үчүн ачык (14-35 жаштагы). Ю-Репорттун сурамжылоолоруна катышуу үчүн Интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар компьютер, мобилдик телефон же планшет керек.
Ю-Репортер болуунун бир нече жолу бар:
- Instagram аркылуу: @ureportkg баракчасын таап, “Старт” деген сөздү жеке куржунга жиберип, андан кийин каттоодон өтүү үчүн бир нече суроолорго жооп бериңиз.
- WhatsApp аркылуу: 0779 919119 номерине “Старт” деген сөздү жиберип, андан соң кыска суроолорго жооп бериңиз;
- Facebook аркылуу: “Фейсбуктан” UReportKyrgyzstan баракчасын таап, жеке куржунга “Старт” деген сөздү жиберип, андан кийин каттоодон өтүү үчүн бир нече суроолорго жооп бериңиз.
- Telegram аркылуу: @UReportKGBot деген ботту таап, “Старт” деген сөздү жиберип, андан соң кыска суроолорго жооп бериңиз;
Ю-Репорттун жардамы менен социалдык жактан маанилүү жана пайдалуу маалыматты өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган жаштарга да жеткирсе болот. Сурамжылоонун жыйынтыктары өспүрүмдөр менен жаштардын жана бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде өкмөттүн ортосундагы мындан аркы диалог үчүн колдонулса болот.
Ю-Репорттун ыктыярчылары деген кимдер?
Ю-Репорттун ыктыярчылары ар кандай коомдук иш-чараларды уюштуруп, Ю-Репортту кеңири таанытууга жардам берип келишет.
Ыктыярчылык – бул жаштар үчүн уюштуруучулук көндүмүн, эл алдында сүйлөө жана баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк.
Бирок эң негизгиси – бул Кыргызстандын жаштарынын өнүгүүсүнө чындап салым кошуунун мыкты жолу.
Кантип Ю-Репорт ыктыярчысы боло аласыз?
Ю-Репорттун ыктыярчысы болуу үчүн, талапкерлер:
- 16 жаштан 25 жашка чейинки куракта болууга тийиш
- Орто билимге же бакалавр даражасына ээ болушу керек
- Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүүгө тийиш. Ал эми англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Талапкер ыктыярчылык же социалдык тармактардагы маркетинг, видеону монтаждоо, эл алдында сүйлөө, вокалдык жөндөмү, музыкалык аспаптарда ойной билүү ж.б ушул сыяктуу тажрыйбасы болсо абдан жакшы.
Ыктыярчылар өлкөнүн бардык облустарынан кабыл алынат.
Эгерде сиз да ыктыярчы болгуңуз келсе, төмөнкү баскычты басып, онлайн форманы толтуруп чыгыңыз.
Көп берилүүчү суроолор
Ю-Репортто ыктыярчылыкка канча убакыт бөлүшүм керек?
Ыктыярчыларга айына орто эсеп менен 60 саат бөлүп коюу сунушталат. Окуу менен ыктыярчылыкты оңой эле айкалыштырса болот.
Ыктыярчыларга акча төлөнөбү?
Төлөнбөйт, бирок ыктыярчылар тажрыйба топтоп, балдардын коопсуздугу жана бакубатчылыгына кошум салууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, ЮНИСЕФ потенциалды жогорулатуу боюнча көптөгөн тренингдерди өткөрөт. Бул тренингдер сизге БУУ жана ЮНИСЕФ жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга, лидерлик сапаттарды, командада иштөө жөндөмүн, эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуудан өтүүгө жана баалуу тажрыйба алууга, башка ыктыярчылар менен кызматташууга мүмкүнчүлүк берет.
Англис тилин жакшы билишим керекпи?
Англис тили милдеттүү эмес, бирок аны билүү артыкчылык болот.
Кошумча суроолорум пайда болсо, кимге кайрылам?
Кошумча суроолоруңуз болсо, ЮНИСЕФтин жаштар менен иштешүү боюнча адиси Айжан Абдесовага электрондук кат жибере аласыз. Дареги: aabdesova@unicef.org.