Эрте куракта балдарды өнүктүрүү жана окутуу
Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктүн начардыгы Кыргызстандагы балдардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген дагы бир көйгөй болуп саналат.
Маселенин өзөгү эмнеде?
Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктүн начардыгы Кыргызстандагы балдардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген дагы бир көйгөй болуп саналат.
2000-жылдары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны эки эсе көбөйүп, бала бакчаларга барган балдардын саны үч эсе өскөн. Бирок мындай прогресске карабастан жалпы коэффициент бир кыйла төмөн бойдон кала берүүдө.
2014-жылдагы Мультииндикаторлук кластердик изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 3-5 жаштагы курактагы балдардын 23% гана бала бакчага барат. Географиялык айырмачылыктар да көзгө урунат: балдардын 40,5% шаарда мектепке барса, элет жергесинде мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын 16% гана барат. Буга айыл өкмөтүндө тарбиячылардын айлык акысынын төмөндүгү негизги себептердин бири.
Жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын 11,7% гана бала бакчаларга барат.
Мындан тышкары социалдык-экономикалык абал да балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемесине баруусуна бут тоскон факторлордун бири болуп саналат. Бакубат үй кожолуктарда жашаган балдардын 50% мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барса, жакыр үй кожолуктардан балдардын 11,7% гана бала бакчага барат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын басымдуу бөлүгү бала бакчага барбайт же мугалимдерде талап кылынган инклюзивдик көндүмдөрдүн жоктугунан улам мындай балдарга кошумча көңүл бурулбайт. Ата-энелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл болгон жардам алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билишпейт, эрте куракта кечеңдөөнү аныктап, тар адистерге багыттоо системасы жакшы өнүккөн эмес.
Мугалимдердин 20% гана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн зарыл билими бар.
Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун сапатынын начардыгы дагы бир тоскоолдук болуп эсептелинет. Мугалимдердин 20% гана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн зарыл билимге ээ, көпчүлүк мугалимдер талап кылынган окуудан өткөн эмес. Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген айрым стандарттар бар болгонуна карабастан, көпчүлүк балдар мониторинг механизминин жоктугунан улам андан пайда албайт.
Маселени кантип чечсе болот?
2006-жылдан бери ЮНИСЕФ жамааттык бала бакчаларды жана даярдоо класстарын колдоп, мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки даярдыкка жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө. ЮНИСЕФтин колдоосу алдында түзүлгөн бала бакчалар жакырчылык деңгээли жогору жана мектепке чейинки билим берүү, мектепке даярдоо деңгээли төмөн райондордо орун алган.
ЮНИСЕФ мугалимдер үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрүүдө жана жамааттагы бардык балдар үчүн сапаттуу мектепке чейин билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандык коом уюмдарына техникалык көмөк көрсөтүп келет.
Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясында мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоону көбөйтүү башкы артыкчылыктардын бири катары белгиленген. ЮНИСЕФ мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативалык моделдерин өнүктүрүүнү жана мектепке чейинки билим беоүүнүн ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгууну колдойт.
ЮНИСЕФ Эрте курактагы балдардын билим берүүсү жана өнүгүүсүнүн стандарттарын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн. Ал билим берүү тармагы үчүн негизги алкак катары бекитилген. Ошондой эле ЮНИСЕФ мугалимдерди жана окуу-методикалык материалдарды даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышты. Бүгүнкү күндө өз убагында бала бакчаларга барбай калган балдарды 1-класска даярдап, билим берүүгө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бала бакчаларда жана даярдоо класстарында окуу уюштурулду.
2012-жылы ЮНИСЕФ мектепке чейинки билим берүүнүн маанисине, мектепке жалпы даярдыкты камсыздоого жана мугалимдердин айлыгын төлөп берүү үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө чечим кабыл алган адамдардын назарын буруу боюнча өнөктүк баштаган.
Жакында эле ЮНИСЕФ «Тынчтык куруу жана социалдык ынтымак үчүн эрте куракта балдарды өнүктүрүү» аттуу жаңы долбоорду баштады. Анын алкагында көп улуттуу региондордогу бала бакчалардын тарбиячылары оюн ыкмалары менен балдарды бири-бирине толеранттуу мамиле жасоого үйрөтүү боюнча окуудан өтүшүүдө. Долбоор балдарга багытталганы менен, ага мугалимдер жана ата-энелер да тартылып, долбоор улуттар аралык мамилелерди жөнгө салууга жана максаттуу жамааттарда жаңжалдарды алдын алууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү даярдаган саламаттык сактоо боюнча материалдардын чакан топтому. Соңку маалыматты камтуу үчүн тизме туруктуу жаныланып турат:
Төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү боюнча колдонмо