Стажировка
ЮНИСЕФтин стажировкадан өтүү программасы студенттерге Кыргызстандагы ЮНИСЕФте иштөөнүн тикелей практикалык тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Кантип стажер боло аласыз?
Жалпы маалыматтар
ЮНИСЕФ анын мандатына тиешелүү болгон түрдүү чөйрөлөрдө иш алып барат. Аларды үч негизги өңүткө бөлсө болот: Программалар жана саясат, тышкы өз ара мамилелер жана операциялык ишмердүүлүк.
Стажировкалар кеңселердин стажерлорду кабыл алуу жана жетектөө керектөөлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша сунушталат. Ушул тапта жеткиликтүү болгон стажировкалар ЮНИСЕФтин сайтындагы бош орундар бөлүмүндө жарыяланып турат.
Квалификациялык талаптар
Стажировкага кабыл алынуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
• Бакалавр, магистр программаларынын студенти же кандидаттык даражанын изденүүчүсү болушу керек. Бакалавр студенттери окуунун күндүзгү формасында бери дегенде эки жыл билим алышы керек.
• ЮНИСЕФтин жумушчу тилинин жок дегенде бирөөндө эркин сүйлөшү керек: англис жана орус тилдери. Кыргыз тили милдеттүү болуп эсептелет.
• Мыкты окушу керек. Муну университеттен же мекемеден берилген зачет китеби тастыктап турушу керек.
• Буга чейин кесипкөй тажрыйбага ээ болгон талапкерлерге кошумча артыкчылык берилет.
Өтүнмөнү кантип бересиз?
Учурдагы стажировкалар тууралуу маалымат менен таанышуу үчүн биздин сайтыбыздагы бош орундар бөлүмүнө баш багыңыз. Стажировкаларга бардык өтүнмөлөрдү кызматкерлерди кабыл алуу боюнча электрондук система аркылуу беришиңиз керек. Өтүнмөнү жиберүү үчүн стажировкалар тууралуу жарыясы бар баракчаны ачып, баракчанын ылдй жагындагы “Өтүнмө жиберүү” дегенди басыңыз.
Системада профили катталган изденүүчүлөр кызматкерлерди кабыл алуу боюнча электрондук системага кире алышат.