Иммунизациялоо
Иммунизациялоо миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда. Бул – көп сандагы балдарды оорулардан жана майыптуулуктан коргогон саламаттык сактоо тармагындагы эң таасирдүү чаралардын бири
Маселенин өзөгү эмнеде?
Иммунизациялоо – бул процесстин натыйжасында адам иммунитетке ээ болот же жугуштуу ооруларга туруштук бере алат. Бул процесс адатта вакцинаны салуу жолу менен жасалат.
Вакциналар инфекциядан же оорудан адамды коргогон өзүнүн иммундук системасын пайда кылууга организмге өбөлгө болот. Бул баа көз карашынан алып караганда саламаттык сактоого жасалган инвестициялоонун эң натыйжалуу түрлөрүнүн бири.
Иммунизациялоо жыл сайын экиден үч миллионго чейин адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
1995-жылдан баштап Кыргызстанда иммунизациялоонун 90% ашыгы үч доза – ич өткөк, столбняк, көк жөтөл (DTP) боюнча катталып келатат. Булар адатта улуттук деңгээлде иммунизациялоонун натыйжалуулугунун көрсөткүчү катары каралат.
Кызылча оорусуна каршы вакцина алгандардын саны көбөйгөнүнө карабастан 2015-жылы Кыргызстанда бул ооруга чалдыккан 17,779 учур катталган. Бул болсо өтө көп бала өмүргө коркунуч келтирген, бирок алдын алууга боло турган бул оорудан дагы деле корголбой жатканынан кабар берет.
Өлкөдө АКДС эмдөөсү боюнча негизги көрсөткүч адекваттуу болгону менен, балдардын 80,4% гана толугу менен иммунизациялоодон өткөн (булак: MICS, 2014) Бирок бул жетишсиз.
2015-жылдагы кызылча оорусунун дүрт этүүсү жана өлкөнүн айрым жерлеринде калк ичинде эмдөө жөнүндө жалган маалыматтын улам барган сайын күч алышы балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан, бирок алдын алууга мүмкүн болгон оорулардан коргоо үчүн универсалдуу пландуу иммунизациялоого жетүү үчүн сактык жана чоң аракеттер зарыл экенин эскертүүдө.
“Эмдөөгө ишенбестик” өңдүү кооптонуу да бар – ойдон чыгарылган жана жалган идеялардан улам айрым ата-энелер арасында шектенүү да күчөп жатат. Мындай ишенбестик жалпыга маалымдоо каражаттарында баланын өлүмүн эч негизсиз эле эмдөөгө байланыштырган терс маанайдагы окуялардан улам болушу мүмкүн. Ошондой эле эмдөөгө каршы багытталган маалыматты жайылткан топтордун же адамдардын да таасири болуп жатат.
Иммунизациялоого карата ата-энелердин ишенимин жогорулатуу үчүн алар менен вакцинациялоонун мааниси, буга байланышкан минималдык тобокелдиктер тууралуу талкууларды жүргүзүш керек. Бул болсо толук иммунизациялоо бала үчүн канчалык маанилүү болгону жөнүндө маалымдуулукту көбөйтөт.
Балдардын иммунитети күчтүү болгону өтө маанилүү. Себеби Кыргызстанда жугуштуу оорулар күч алса, ал башка өлкөлөргө да тез жайылып кетиши мүмкүн же тескерисинче да болот. Бул болсо бардык өлкөлөр дайыма өз ара байланышта болгондуктан бул жаатта бири-биринен көз каранды экенинен кабар берет.
Маселени кантип чечсе болот?
ЮНИСЕФ билет: эмдөө менен алдын алууга боло турган оорулардын жайылуусунан коргоонун мыкты жолу – вакциналар менен корголгон калк жана күчтүү саламаттык сактоо системасы. БАРДЫК өлкөлөр эмдөө жасаса, бүт дүйнө мындан утат.
Кыргызстан өкмөтү иммунизациялоо боюнча улуттук программага артыкчылыктуу мамиле жасоодо жана өзгөчө аярлуу балдарды вакциналар менен камсыздоо үчүн саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө инвестиция жасап келатат.
Кыргызстан Өкмөтү, Вакциналар боюнча Альянс – ГАВИ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бейөкмөт уюмдар менен бирге иш алып барып, ЮНИСЕФ сапаттуу вакциналарды жеткирүүгө колдоо көрсөтүүдө. Биз ошондой эле иммунизациялоо боюнча улуттук программаларды башкарууну күчөтүү жана эмдөөнү жайылтуу үчүн зарыл болгон техникалык жардамды жана каржылоону мобилдештирип жатабыз.
Вакциналар коопсуз. Вакцинадан ооруп калганга караганда жугуштуу ооруларга кабылуу тобокелдиги бир кыйла жогору. Мисалы, ДЦП оорусуна чалдыккан учурда бала шал болуп калат же кызылча оорусунун кесепетинен баланын көзү көрбөй калат. Бала эмделбесе алдын алууга мүмкүн болгон оорулардан көз жумушу мүмкүн.
ЮНИСЕФ балдар үчүн сапаттуу вакциналарды сатып алууда Саламаттык сактоо министрлигине туруктуу колдоо көрсөтүп келатат.
Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ иммунизациялоонун мааниси жөнүндө билимди жайылтууга багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүгүн жүргүзүп келет. Муну менен эмдөөгө карата ишенбестик деңгээлин азайтып, жалган идеяларга бөгөт коюуда.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү медициналык кызматкерлерди ата-энелерге туура кеп-кеңеш берүүгө жана иммунизациялоонун артыкчылыктары жөнүндө маалымдоого окутуу менен, аларды даярдоо иштерине колдоо көрсөтүүдө. Муну менен ЮНИСЕФ коомдун саламаттыгын көзөмөлдөө жана иммунизациялоо деңгээлин колдоо боюнча Өкмөттүн аракеттерине көмөк көрсөтүп жатат.
Кошумча ресурстар
Саламаттык сактоо боюнча бул булактар ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү даярдаган материалдардын айрым гана бөлүгүн түзөт. Эн соңку маалыматтардын колдонулушу үчүн бул тизме туруктуу жаңыланып турат.
Вакцина тууралуу сиз уккан 10 жалган миф (2014) - ЮНИСЕФ
Вакциналар ар бир балага таасир берет! (2017) - ЮНИСЕФ
Социалдык тармактарда эмдөөгө каршы маанайга байкоо салуу: Европа жана Борбор Азия региондору (2013) - ЮНИСЕФ