COVID-19дан улам Кыргыз Республикасындагы үй кожолуктардын жарымы кирешеден куру калган

КР Улуттук статистика комитети “COVID-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири” аттуу сурамжылоо жүргүздү. Бул сурамжылоо ЮНИСЕФтин финансылык жана техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

03 Март 2021
Schoolchildren in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Voronin

БИШКЕК, 2021-жылдын 3-марты – Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 51 пайызы COVID-19дун айынан кирешесиз калышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири боюнча үй кожолуктардын[1] арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айтылат. 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында Көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөөнүн алкагында БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) финансылык жана техникалык колдоосу менен КР Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун бет ачары бүгүн өттү.  Сурамжылоого 3869 үй кожолугу катышкан.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасында 76 пайызга жакын үй кожолугу COVID-19дан жабыркаган. Эпидемиянын кесепетинен үй кожолуктары дуушар болгон кыйынчылыктардын катарында биринчи кезекте алардын 51 пайызынын арасында кирешенин төмөндөшү турат. Андан кийин ата-энелердин же балдардын камкорчуларынын онлайн режиминде окуу процессине нааразычылыгы (32%), үй-бүлө мүчөсүнө жуккан коронавирус же андан көз жумуу (29%) жана үй чарбасынын бойго жеткен мүчөлөрүнүн арасынан эмоционалдык депрессия (20%) жана башка себептер бар. 

Үй кожолуктарынын 28 пайыздан ашыгына социалдык колдоо/жардам (азык-түлүк же экономикалык колдоо) берилген, алардын ичинен 79 пайыздан ашыгы жардамды мамлекеттик органдардан алышкан.

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, үй кожолуктарынын 86 пайыздан ашыгында 17 жашка толо элек балдар бар. Дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө 5 жашка чыга элек бери дегенде бир бала бар. Аралыктан окутууга 7-17 жаштагы балдардын болжол менен 83 пайызы тартылган. Ата-энеси онлайн режиминде окуу процессине канааттанбаган балдардын үлүшү 78% түздү.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана кош бойлуу аялдарга байланыштуу кырдаалды алсак, акыркы жылы тирүү баланы төрөгөн 15-49 жаштагы аялдардын 100 пайызына төрөткө чейин жардам көрсөтүлгөн. Көпчүлүк учурларда төрөткө чейинки жардамды 84% дарыгерлер жана 16 пайыздан ашыгын медайымдар, акушерлер жана фельдшерлер көрсөткөн. Акыркы 12 айда тирүү баланы төрөгөн аялдардын ичинен 89% көз жарганга чейин төрт жана андан көбүрөөк жолу дарыгердин текшерүүсүндө болушкан. Төрөттөн кийинки алгачкы эки күндө жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 99,8% кеминде эки жолу маанилүү медициналык көзөмөлдөн өтүшкөн.

Бала төрөлгөндөн кийин көз жарган аялдардын 65% жакыны 12 сааттан 4 күнгө чейин медициналык мекемеде болушкан. Ошол эле учурда медициналык мекемеден чыккандан кийин ымыркайлардын 11% гана алгачкы эки күндө, 47% - алгачкы алты күндө төрөттөн кийинки байкоодон өтүшкөн.

Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, 2-4 жаштагы балдарга негизинен үй кожолуктардын эр жеткен мүчөсү кам көрөт (94,7%). Бирок, ымыркайга кам көрүүдө атасынын катышуусу (12,6%) өтө эле чектелүү болгон. Эрте куракта билим берүү программаларына катышкан 3-4 жаштагы балдардын саны 7% түздү. Беш жашка толо элек балдардын 15 пайызга жакыны бир жумадан ашык убакытка же акыркы жумада жок дегенде бир жолу 10 жашка чыга элек баланын колунда калган.

COVID-19 илдети жайыла баштаганга чейин бала бакчаларга барган мектепке чейинки курактагы балдардын ичинен болжол менен 29% сунушталган телекөрсөтүү программаларын жана санарип платформаларын колдонушкан.

COVID-19ду жуктуруп алуу коркунучун азайтуу боюнча сактык чараларын көрүү тууралуу балдары менен сүйлөшкөн ата-энелердин үлүшү 98 пайызга ашты.

Көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөө (КККИ) – бул ЮНИСЕФ тарабынан иштелип чыккан үй кожолуктарды изилдөө боюнча эл аралык программа. КККИ саламаттык сактоо, билим берүү, балдарды коргоо, ВИЧ/СПИД жана башка көптөгөн тармактарда балдардын жана аялдардын абалын баалоо үчүн колдонулган негизги көрсөткүчтөрдүн ишенимдүү жана эл аралык деңгээлде салыштырылган бааларын чогултуу үчүн иштелип чыккан.

Изилдөөнү толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети коронавирус илдетинин калкка тийгизген таасирин изилдөөнүн алкагында эки көз карандысыз сурамжылоо жүргүзгөнүн маалымдайт. Алар: “COVID-19дун үй кожолуктарына тийгизген таасири” жана “COVID-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири”. Ар бир сурамжылоо үчүн көз карандысыз үлгүлөр жана жеке анкеталар колдонулган.

“COVID-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири” сурамжылоосу энелерге жана балдарга төрөткө чейинки жана андан кийинки көзөмөлдү, балдардын эрте курактагы өнүгүүсүн, пандемия маалында балдардын билимин, ошондой эле үй кожолуктарынын финансылык абалын жана социалдык жактан колдоо маселелерин, COVID-19ду жуктуруу коркунучун азайтуу үчүн балдарга сактык чараларын үйрөтүү өңдүү маселелерди кеңири изилдөө максатын көздөйт.

Үй кожолуктарына статистика жүргүзүү бөлүмү

|эл. дареги: Y.Kalymbetova@stat.kg | Тел. +996 (312) 324655

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды пайдаланганда колдонуучулар анын булагына шилтеме жасоого милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


[1] Үй кожолугу – турак жайда чогуу жашаган жана өзүлөрүнүн каражаттарын толугу менен же жарым-жартылай сарптап, чогуу тиричилик жүргүзүү менен өздөрүн жашоо үчүн керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылган адам же адамдардын тобу. Бул адамдар нике жана үй-бүлөлүк мамилелер, туугандык мамилелер же мындай мамиленин катышуусу жок байланышта болушу мүмкүн.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.